fb pixelЖарыялар сервисинин Пайдалануучулук макулдашуусу lalafo.kg

Пайдалануучулук макулдашуу 

Пайдалануучулук макулдашуу

1. Жалпы шарттар

1.1.       Ушул Макулдашуу Пайдалануучулар тарабынан http://lalafo.kg/ Сервисин колдонуу шарттарын аныктайт.

1.2.       Ушул Пайдалануучулук макулдашуунун максаттары учун төмөндө көрсөтүлгөн терминдер жана аныктамалар төмөнкү маанилерге ээ болот:

1.2.1.         Сервис – http://lalafo.kg/ дареги боюнча Интернет тармагында жайгашкан интернет – ресурс (сайт) ар кандай операциялык системалардын базасындагы сайтка тиркемелер жана башка сервистер, ошондой эле программалык камсыздоо, сайттын, тиркемелердин жана башка сервистердин дизайны (графикалык көркөмдөө), маалыматтар базасы, сервистердин бардык  бөлүмдөрү (бөлүмчөлөрү) ошондой эле Администрация жана Пайдалауучулар тарабынан сервистерде жайгаштырылган маалымат.

1.2.2.          Администрация – Сервисти башкаруунун ишке ашыруучу жана Сервиске болгон бардык өзгөчө  укуктары таандык болгон «ЯЛЛА КЛАССИФАЙДС» (YALLA CLASSIFIEDS OÜ), каттоо номери 12888798, дареги: Pärnu Road 22, 10141 Tallinn, Estonia, Эстониянын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн жана аракет кылган Жоопкерчилиги чектелген коом.

1.2.3.          Пайдалануучу — ушул макулдашуунун шарттарын кабыл алган жана Сервистин кызматтарын колдонгон кайсы болбосун аракетке жарамдуу жеке жак же юридикалык жак.

1.2.4.          Жеке кабинет (аккаунт) – бул Пайдалануучу өзү орноткон (жайгаштырган) Пайдалануучунун маалыматтарынын жана чөйрө ырастоолорунун жыйындысы. Кайсы болбосун Пайдалануучу бир гана Жеке кабинетке ээ болууга укуктуу.

1.2.5.          Пайдалануучунун жеке маалыматы – Сервисти каттоодон өткөрүү же пайдалануу процессинде Пайдалануучу өзү жөнүндө берген, Сервисти пайдалануу процессинде автоматтык түрдө Администрацияга берилүүчү , анын ичинде IP-дарек, cookie ден маалымат, Пайдалануучунун браузери жөнүндө жана Пайдалануучу жөнүндө башка маалыматтар, Пайдалануучунун жеке маалыматтарын кошо, Пайдалануучу жөнүндө маалымат же маалыматтардын жыйындысы.

1.2.6.          Материалдар – Пайдалануучу же Администрация тарабынан Сервисте жайгаштырылган кайсы болбосун маалымат/контент.

1.2.7.          Спам – массалык санкцияланган эмес жана /же алуучулар күтпөгөн почталык же башка жарнамалык, маалыматтык, агитациялык же башка мүнөздөгү жөнөтүүлөр.

1.2.8.          Товар – бул өнүм, жумуштар, кызматтар, материалдык-техникалык ресурстар, ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес объекттер.

1.2.9.          Ушул Макулдашуунун тараптары – Администрация жана Пайдалануучу.

1.2.10.        Акылуу кызматтар – Сервис тарабынан Пайдалануучуга (Тапшырык ээсине) ушул Макулдашуу, ошондой эле Акылуу кызматтарды көрсөтүү  жөнүндө келишим-оферта менен каралган тартипте көрсөтүлгөн кызматтар.

1.2.11.        Тапшырык ээси – ушул Макулдашуу, ошондой эле Акылуу кызматтарды көрсөтүү  жөнүндө келишим-оферта менен каралган шарттарда же Сервис менен мындай Тапшырык ээси ортосунда түзүлгөн өз-өзүнчө жеке келишимдер боюнча Акылуу кызматтарга тапшырык берген Сервис Пайдалануучусу.

1.2.12.        Верификациялоо (аныктыгын текшерүү) – бул верификациялоо баракчасында Колдонуучу тарабынан көрсөтүлгөн телефон номерине Администрация тарабынан SMS билдирүүгө келген, атайын верификациялоо кодун баракчанын тиешелүү талаасына киргизип, Колдонуучуну текшерүү.

1.2.13.        LalafoClub – бул сервистин лоялдуулук программасы. LalafoClub лоялдуулук программасына катышуунун шарттары жана толук маалымат Сервистин баракчаларында жайгаштырылган же Сервисте жайгаштырылган байланыш боюнча Сервистин администрациясы тарабынан берилиши мүмкүн.

1.3.       Ушул Пайдалануучу макулдашуусунда колдонулган, “Терминдер жана аныктамалар” пунктунда чагылдырылбаган кайсы болбосун терминдер жана түшүнүктөр Пайдалануучу макулдашуусунун текстинен келген мааниге ылайык түшүндүрүлөт. Ушул Пайдалануучу макулдашуусунда колдонулган терминди же аныктаманы түшүндүрүп чечмелөө боюнча кайсы болбосун келишпестиктер пайда болгон учурда Администрация тарабынан аныкталган түшүндүрүп чечмелөөлөр колдонулат.

1.4.       Сервистин материалдарын жана кызматтарын пайдалануу аракеттеги мыйзамдардын ченемдери жана ошондой эле ушул Макулдашуу менен жөнгө салынат.

1.5.       Ушул Макулдашуу публикалык оферта болуп эсептелет.

   Бул Макулдашуу төмөнкүлөрдөн турат:

   1.5.1. ушул шарттар;

   1.5.2. Сервисте көрсөтүлгөн өзүнчө шарттар жана эрежелер. Мисалы,  Сервисте Товарларды тариздөө эрежелери, акция өткөрүү эрежелери, нускамалар, Купуялуулук саясаты; жана

   1.5.3. ушул Макулдашууга тиешелүү Сервистин башка шарттары жана эрежелери.

1.6.       Сервистин кызматтарын пайдаланууда Пайдалануучу ушул Макулдашууга кошулат (аны акцепттейт) жана анын шарттарын жана Сервистин кызматтарын пайдалануу боюнча нускамаларды аткаруу милдеттерин кабыл алат.

1.7.       Сервисти компаниянын атынан пайдалануу учурунда ошондой компания ушул Макулдашуунун жана анын шарттарын кабыл алат.

1.8.       Пайдалануучунун ушул Макулдашуунун шарттары менен макул болбогондо Пайдалануучу Сервиске жетүү мүмкүнчүлүгүнөн баш тартып, Сервис кызматтарын пайдалануу токтотушу керек.

1.9.       Ушуну менен Администрация Пайдалануучуларга  Сервистин кызматтарын пайдалануу менен  жарыяларды жайгаштыруу жана издөө боюнча кызматтарды сунуш кылат.

1.10.     Айрым кызматтарды көрсөтүү атайын эрежелер жана/же макулдашуулар (келишимдер) , анын ичинде оферттер менен жөнгө салынышы мүмкүн.

1.11.     Сервистин бардык материалдары жана кызматтары же, алардын кайсы болбосун бөлүгү жарнама менен коштолушунун мүмкүндүгү боюнча жобону кабыл алат. Ушундай жарнамага байланыштуу Администрация эч кандай жоопкерчиликтуу болбойт жана кандайдыр бир милдеттенмелерди албай тургандыгына Пайдалануучу макул болот. Пайдалануучу Администрацияга карата мындай жарнамага тиешелүү  дооматтардан баш тартат.

1.12.     Сервистеги катталуу ыктыярдуу болот. Сервисте каттоодон өтүү учурунда Пайдалануучуга Сервистин кошумча кызматтарына жол ачылат. Администрация кайсы болбосун учурда Пайдалануучудан каттоодон өтүүдө көрсөткөн маалыматтарын тастыктоону жана тастыктоочу документтерди талап кылуу укугун өзүнө калтырат.

1.13.     SMS верификациялоо. Администрация каалаган убакта Колдонуучуну SMS верификациялоо аркылуу текшерүүгө укуктуу. Эгерде Колдонуучу верификациялоодон өтпөгөн болсо, Администрация Сервисти колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө атап айтканда, жарыяларды жайгаштырууга, редакциялоого, жаңыртууга ж.б.у.с. тыюу салууга же чектөөгө укуктуу. Верификациядан өтүүгө тийиш болгон Колдонуучуларды тандоо Администрациянын каалоосу боюнча жүргүзүлөт. SMS верификациялоодон өткөн бардык Колдонуучулар каттоо учурунда көрсөтүлгөн сыр сөздү колдонушуп, Жеке кабинетке/Аккаунтка  кирүү үчүн телефон номерин колдоно алышат. 

Администрация өз каалоосу боюнча айрым байланыш операторлорунун (мисалы, башка өлкөлөрдүн уюлдук операторлорунун, виртуалдык номерлердин операторлорунун, CDMA операторлорунун ж.б.) телефон номерлерин колдонушкан Колдонуучулардын верификациясына жол бербөөгө укуктуу.

1.14.     Пайдалануучу Сервистин кызматтарын жалгыз гана өзүнүн электрондук дарегин жана Капчыктагы балансты колдонууга мүмкүнчүлүк түзгөн купуя белгини (пароль) колдонуу менен пайдалана алат. Пайдалануучу өзүнүн  купуя белгисин сыр бойдон сактоону милдеттенет жана аны пайдалануу жана сакталышы менен байланыштуу аракеттер, ошондой эле Пайдалануучунун Жеке кабинетинде аткарылган аракеттер үчүн жооп берет. Эгер Пайдалануучуда анын Жеке кабинетине  санкцияланбаган кирүү жөнүндө шектенүүлөр пайда болсо,  өз алдынча өзүнүн купуя белгисиз алмаштырууга милдеттенет.

1.15.     Пайдалануучу каттоодон өтүүдө же/жана авторлоштурууда берүүчү маалыматтын тууралыгын текшерүү үчүн Администрация өзгөчө техникалык чечимдерди колдонууга укуктуу.

1.16.     Администрация чындыгында Пайдалануучунун ким экендигин жана Пайдалануучу тарабынан каттоодон өтүү учурунда берген маалыматы анык экендиги жөнүндө кепилдик бере албайт.

1.17.     Пайдалануучуга контрагенттер менен Сервисте жеткиликтүү куралдарды пайдалануу менен байланышта болуу сунушталат.

1.18.    Кээ бир учурларда Сервистин Администрациясы  “санкция” мыйзамдарын (чектөө чаралары жөнүндөгү ченемдик актыларды) жетекчиликке алып, айрыкча, бирок Европа Биримдигинин, Эстониянын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чектелбестен, Колдонуучуга кирүү мүмкүндүгүн чектөөгө же ага кирүүдөн жана/же кызматташуудан баш тартууга укуктуу (же милдеттенет).

Тыюу салуу тиешелүү ченемдик актыда көрсөтүлгөн кайсы бир кызматтарга (анын ичинде жарнамалык кызматтарга) жана товарларга карата жайылтылышы мүмкүн.

1.19.    Администрация ушул Макулдашуунун шарттарын буза турган кызматтарга Пайдалануучунун жеткиликтүүлүгүн өз кароосу менен токтотууга болгон укугун өзүнө калтырат.

1.20.     Пайдалануучу тарабынан башка адамдардын укуктары же колдонуудагы мыйзамдар бузулса, ошондой эле өзүнүн ыктыяры менен башка себептер менен Администрация Пайдалануучунун кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеп же токтото алат.

1.21.     Кызматтарга жеткиликтүүлүгү токтотулган же алардын маалыматтары анык болбой калган Пайдалануучу Администрациянын өзгөчө руксаты болмоюнча кайталап каттоодон өтүүгө укугу жок. Мындай Пайдалануучу  ошондой эле Сервиске жана анын кызматтарына кирүү үчүн башка Пайдалануучунун  каттоо маалыматтарын пайдаланууга укугу жок.

 

2. Сервисти пайдалануу. Жарыяларды жайгаштыруу.

2.1       Администрация Сервисте катталган бардык Пайдалануучуларга жарыяны  Сервисте жайгаштырууга укук берет.

2.2.       Пайдалануучу мыйзамдарды же эл аралык ченемдерди бузуу катары карала турган, анын ичинде интеллектуалдык менчик, автордук жана/же аралаш укуктарды буза турган, ошондой эле Сервистин ченемдүү иштөөсүнүн бузулуусуна алып келүүчү же алып келе турган башка бардык аракеттерди жасабоого макулдук берет.

2.3.      Товарларга карата бардык бүтүмдөр Пайдалануучулар арасында түздөн-түз түзүлөт.  Администрация Сервис аркылуу Пайдалануучулар арасында аткарылган бүтүмдөрдүн катышуучусу жана/же ортомчусу болуп саналбайт.  Администрация мындай бүтүмдөрдү (анын ичинде Товарлардын болушу, алардын сапаты жана жеткирип берүүсү) көзөмөлдөбөйт жана алар үчүн жооп бербейт.

2.4.      Сервисте Пайдалануучунун түшүндүрмөлөрү, билдирүүлөрү, ошондой эле башка жазуулары мыйзам талаптарына жана мораль жана адеп-ахлактын жалпы кабыл алынган ченемдердин талаптарына каршы келбеши керек.

2.5.      Пайдалануучу алар жөнүндө шилтемелери Сервисте камтылышы мүмкүн болгон тышкы ресурстарга кирүү жана пайдалануу үчүн Администрация жоопкерчиликтүү болбой тургандыгы жөнүндө эскертилген. Жарыялардын баяндамасында көрсөтүлгөн жарыялардын, башка ресурстарга шилтемелердин жана башка маалыматтардын мазмуну үчүн Администрация жоопкерчиликтүү болбойт.

2.6.      Администрация тарабынан Пайдалануучу берген жарыяларды, маалыматтарды жарыялоо укугун алуу максатында Пайдалануучу Администрацияга бардык жерде күчүндө болгон, мөөнөтсүз, кайра чакыртып алуусуз, өзгөчө эмес маалыматтарды, сүрөттөрдү, фотосүрөттөрдү, видео жана аудио материалдарды, маалыматтар базаларын, жарыялоолорду, ошондой эле Пайдалануучу тарабынан бардык белгилүү жана белгисиз маалымат алып жүрүүчүлөрдө берилген кайсы болбосун маалыматтарды    пайдалануу, жайылтуу, жарыялоо, чогултуу, иштетүү, көрсөтүү, көчүрүү, кайталоо, калыптандыруу укугун берет. Жогоруда көрсөтүлгөн  укуктар Администрацияга бекер берилет. Пайдалануучу ал жайгаштырган маалыматка бардык Сервис Пайдалануучуларына  жетүү мүмкүнчүлүгүнө укук берет.  Муну менен бирге Пайдалануучу Сервисте жайгаштырылган материалдарга кайсы болбосун интеллектуалдык менчик укуктарын өзүнө калтырат.

2.7.      Администрация Пайдалануучу тарабынан кайсы болбосун маалыматтарды Сервисте берилишине байланыштуу үчүнчү жактардын бузулушу үчүн жооп бербейт.

2.8.      Сервисти Пайдалануучу жарыяларды Сервистин нускамаларына ылайык жайгаштырууга жана Товар  жана аны сатуунун шарттары жөнүндө анык жана толук маалыматты берүүгү милдеттенет. Пайдалануучу жарыяда көрсөтүлгөн Товар жөнүндө маалыматты текшерүүгө, жана туура эмес жана толук эмес маалыматтар табылган учурда жарыяда зарыл болгон маалымдарды оӊдоого жана толуктоого милдеттүү.

2.9.      Товар менен жарыя жайгаштырып жатып Пайдалануучу мындай Товарга карата жарыяда көрсөтүлгөн аракеттерди ишке ашыруу укугуна ээ экенин кепилдейт жана ырастайт.

2.10.     Пайдалануучу Товарга, маалыматтарга, анын ичинде патенттерге, товардык белгилерге, коммерциялык сырларга, бардык зарыл болгон уруксааттарга, укуктарга, лицензияларга интеллектуалдык менчик укуктарга ээ экенин же үчүнчү жактардын алардын ысымдарын, сүрөттөрүн же башка объекттерин пайдалануу үчүн жазуу жүзүндөгү макулдугуна, лицензияга же уруксаатка ээ экенин кепилдейт жана ырастайт.

Лицензиялоого тийиш болгон же башка уруксааттарды алууга жаткан Товарларды сунуштоо менен жарыяларды берүүдө жарыя текстинде лицензия/уруксааттын номурун жана мындай лицензия/уруксаатты берген органдын аталышын көрсөтүү керек.

2.11.     Сервис жайгаштырылган Товарга же Пайдалануучу берген маалымдарга карата тастыктоочу документацияны же кошумча маалыматты талап кылууга укуктуу. Сервис мындай документациянын же маалыматты  алганга чейин жарыялоону кармап турууга укуктуу.

2.12.     Пайдалануучу Сервисте жарандык жүгүртүүдөн алынып салынган объекттерден башка, ошондой эле мыйзамдарга ылайык уруксаат талап кылынган учурда атайын уруксаатын бар болушу деген шартта, ошондой эле Сервисте күчүндө болгон колдонуу эрежелерин аткаруу шартында ага таандык болгон бардык Товарларды сатып өткөрө алат. Пайдалануучу Администрациянын талабы боюнча мындай атайын уруксааттарды берүүнү милдеттенет.

2.13.     Сервистин кызматтарынын жогорку сапатын колдоо үчүн Администрация өзүнө Пайдалануучунун Сервистеги активдүү жарыялардын санын чектөө, ошондой эле Сервистеги Пайдалануучунун аракеттерин чектөө укугун өзүнө калтырат.

2.14.     Жарыяда Пайдалануучу тарабынан көрсөтүлгөн Товардын баяндамасы ушул Товарды сатуунун шарттарын түзөт.

2.15.     Товарды жеткирүүнүн шарттары жарыяда көрсөтүлгөн баяндамасына кошулушу керек.

2.16.     Жарыяда көрсөтүлгөн Товарды сатып өткөрүү шарттары, ошондой эле башка жарыя шарттары колдонуудагы мыйзамдарга жана ушул Макулдашууга жарыяны жайгаштыруу учурунда да, андан ары да каршы келбеши керек. Эгер кайсы бир жарыя шарты мыйзамдарга же ушул Макулдашууга колдонуудагы мыйзамдарга жана/же Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн натыйжасында туура келбей калса же туура келбеген деп таанылса, мындай шарттар же мындай жарыя Пайдалануучу тарабынан кайсы болбосун келишпегендиктерди жок кылгыдай кошумчаланышы керек же өзгөртүлүшү керек. Тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн эмес болсо, мындай жарыя Пайдалануучу тарабынан өчүрүлүшү керек. Ушул пунктта көрсөтүлгөн учурлардын пайда болушунда Администрация өзүнө Пайдалануучуга алдын ала билдирүүсүз мындай жарыяларды редакциялоо же өчүрүү боюнча аракеттерди ишке ашыруу укугун калтырат.

2.17.     Сервисте жарыясы колдонуудагы мыйзамдарды бузган, жалпы кабыл алынган моралдык ченемдерге каршы келген, мазактаган же орунсуз, ошондой эле үчүнчү жактардын укуктарын бузган Товарлар тууралуу жарыяларга тыюу салынат. Пайдалануучу Товарды сунуштоо колдонуудагы мыйзамдарды жана ушул Макулдашуу шарттарын бузбаганын текшериш керек. Сервисте жарыялоого тыюу салынган товарлар жана кызматтар тизмеси Сервисте жарыяларды жарыялоо эрежелери менен аныкталган жана http://lalafo.kg/how-to-sel шилтемеси боюнча “Кантип сатуу“ бөлүмүндө жеткиликтүү.

2.18.     Акы төлөнүүчү кызматтарды пайдалануу ушул Макулдашууну бузууда Администрация тарабынан жабылып салынбай тургандыгына кепилдик бербейт. Жарыяларды жайгаштыруунун эрежелерин бузууда көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөнгөн акча каражаттары кайтарылбайт.

2.19.     Жарыяларда сатуу жөнүндө сунуштарды, пайдалануу жана товарлар жана кызматтар жөнүндө башка маалыматтарды камтыган интернет-сайттардын баркатарына шилтемелерди калтырууга тыйуу салынган.

2.20.     Пайдалануучу төмөнкүлөргө колдоо көрсөтпөөгө жана кызматтар жөнүндө маалыматтарды таркатпоого милдеттенет:

2.20.1.  башка соода аянтчалары, интернет-аукциондор жана/же интернет дүкөндөр;

2.20.2.  Сервисте көрсөтүлгөн товарларды жана кызматтарды ошол эле же андан кем баада  сунуш кылуучу башка сервистер;

2.20.3.  Сервисте сатууга  тыйуу салынган товарларды жана кызматтарды сунуш кылуучу башка сервистер.

2.21.     Пайдалануучу Сервиске кирүү үчүн Администрациянын кат жүзүндөгү руксаты жок автоматтык программаларды пайдаланбоого милдеттенет. Администрациянын кат жүзүндөгү руксаты жок учурда жарыяларды жайгаштыруунун кадимки тартибинен тышкары жарыяларды жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү компьютердик программаларды пайдаланууга тыйуу салынган.

2.22.     Мындан тышкары Пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттенет:

2.22.1.        Сервистин инфраструктурасына чоӊ жүктөм алып келүүсү мүмкүн болгон эч кандай аракеттерди жасабоого;

2.22.2.        Администрациянын алдын ала кат жүзүндөгү руксаты жок Сервисте камтылган кандай болбосун маалыматты көчүрмөлөбөөгө, кайра жасабоого, өзгөртүүгө, таркатпоого жана коомчулукка бербөөгө;

2.22.3.        Сервистин ишине жолтоо болбоого, ошондой эле Сервистке кирүүгө тоскоол болуу же чектөө максатында автоматтык системалардын же процесстердин аракеттерине жолтоо болбоого;

2.23.     Пайдалануучуга ушул Макулдашууну же үчүнчү жактардын укуктарын бузуу менен маалыматты берүүгө тыйуу салынат. Пайдалануучу тарабынан берилүүчү маалымдар (маалымат), жана анын Сервистеги аракеттери төмөнкүдөй болбошу керек:

2.23.1.        жалган, так эмес же адаштыруучу;

2.23.2.        одоно, ыза кылуучу сөздөрдү камтуучу;

2.23.3.        алдамчылыкка, алдоого же ишенимди кыянаттык менен пайдаланууга көмөкчү болуучу;

2.23.4.        уурдалган же жасалма заттар менен бүтүмдөрдү жасоого алып келүүчү;

2.23.5.        үчүнчү жактын менчигин, анын коммерциялык купуя сырын, же анын жеке турмушунун кол тийбестик укугун бузуучу, кол салуучу;

2.23.6.        кимдир-бирөөнүн абийирине, ар-намысына же ишкердик аброюна шек келтирүүчү маалымдарды камтуучу;

2.23.7.        башка адамдар жөнундө ушул адамдардын ачык макулдугу жок  жеке же идентификациялоочу маалыматты камтуучу;

2.23.8.        кимге болбосун жалааны же коркутууну камтуучу;

2.23.9.        кылмышты жасоого чакыруучу, ошондой эле улуттар аралык араздашууну козутуучу;

2.23.10.      террорчулук жана экстремисттик ишмердикке көмөктөшүүчү, колдоочу же чакыруучу ;

2.23.11.      уятсыз болуучу, же порнографиялык мүнөздө болуучу;

2.23.12.      компьютердик вирустарды камтуучу, ошондой эле зыянга учуратууга багытталган, мыйзамсыз кирүү, бардык системанын же системанын өзүн, же анын бир бөлүгүн, же жеке маалыматты же башка малыматтарды (Сервистин маалыматтарын кошо) маалыматтарын жашыруун уурдоочу же менчиктеп алуучу башка компьютердик программаларды камтуучу;

2.23.13.      жашы жете электерге зыян келтирүүчү;

2.23.14.      аморалдуу деп эсептелген, проституция жана башка формалары сыяктуу, бирок аны менен чектелбестен, моралдын жана мыйзамдын ченемдерине каршы келүүчү сервистер жөнүндө маалыматтарды камтуучу;

2.23.15.      Компаниянын сервистери менен атаандаш сайттар жөнүндө шилтемелерди жана маалыматты камтуучу;

2.23.16.      “спам”, “бакыт каттары”, пирамидалар схемалары” сыяктуу маалыматты же ылайыксыз, жалган коммерциялык жарнаманы камтуучу;

2.23.17.      конкреттүү товарды же кызматты сунуш кылбоо менен жалаӊ жарнамалык мүнөздөгү материалдарды камтуучу;

2.23.18.      үчүнчү жактардын интеллектуалдык укуктарын бузуучу, жаранды сүрөттөөгө укуктарды, жана үчүнчү жактардын башка укуктарын бузуучу;

2.23.19.      башка жол менен аракеттеги мыйзамдарды бузуучу,

2.24.     Пайдалануучуга өзүн алар катары көрсөтүү жана алардын атынан кабарлоолорду жазуу максатында башка Пайдалануучулардын аттарына окшош Пайдалануучулардын аттарын пайдаланууга тыйуу салынат.

2.25.     Пайдалануучуга Сервиске жана/же Пайдалануучуга аракеттеги мыйзамдарды бузууга алып келүүчү жарыяларды жайгаштырууга, Сервистин кызматтарын пайдалануу менен бүтүмдөрдү жүргүзүүгө жана аткарууга тыйуу салынат.

2.26.     Администрация жарыясы Сервисте Пайдалануучу тарабынан көрсөтүлгөндөн айырмаланган, бирок мындай Товарга тийиштүү жарыяны берүүдө Товарды начарлатпаган ыкма менен жайгаштырылган Товарды жарнамалоо укугуна ээ.

2.27.     Администрация Сервис тарабынан көзөмөлдөнгөн же көзөмөлдөнбөгөн техникалык себептерден улам кайсы болбосун Товарды көрсөтүү мөөнөттөрүн жылдырууга, аяктоого жана узартууга укуктуу.

2.28.     Администрация кайсы болбосун жарыяны көрсөтүүнү каалаган убакытта ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн эрежелерди бузган себептерден улам, ошондой эле башка Пайдалануучулардын укуктарын бузган же колдонуудагы мыйзамдарды бузган себептер менен, ошондой эле башка себептерден улам токтотууга укуктуу. Администрация ошондой эле тийиштүү Пайдалануучунун Жеке кабинетин (аккаунтун) ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн эрежелерди бузган себептерден улам тосмолоп же өчүрүшү мүмкүн.

2.29.     Администрация жарыяны редакциялоого, аларды башка рубрикаларга которууга, ошондой эле мыйзамдарга ылайык Пайдалануучулардын жарыялары менен башка аракеттерди ишке ашырууга укуктуу.

2.30.     Администрация жарыяларды (публикацияларды) себептерин көрсөтпөстөн жайгаштыруудан баш тартууга укуктуу.

2.31.     Жарыяларды тариздөөгө талаптар Сервисте жарыяларды публикациялоо эрежелеринде https://lalafo.kg/ky/page/how-to-sell шилтемеси боюнча “Кантип сатуу керек” бөлүмүндө белгиленген.

2.32.     Пайдалануучу жарыялардын (Пайдалануучу Сервисте жайгаштырган башка маалыматтар боюнча дагы) мазмуну боюнча аракеттеги мыйзамдарга ылайык толук жана жеке жоопкерчиликтүү болот.

 

3. Акылуу кызматтар

3.1.      Пайдалануучулар Сервисте Акылуу кызматтарга тапшырык берсе болот.

3.2.      Акы төлөнүүчү кызматтардын түрлөрү, мүнөздөмөлөрү, наркы жана буюртма берүү тартиби жөнүндөгү маалымат https://lalafo.kg/ky/page/agreement-offer шилтемеси боюнча жайгаштырылган акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү боюнча Келишим-офертада же Сервис менен Буюртмачылардын ортосунда түзүлгөн өзүнчө жеке келишимдерде көрсөтүлгөн, ошондой эле Колдонуучунун Жеке кабинетинде жана/же Сервистин башка барактарында жайгаштырылышы мүмкүн же сервисте көрсөтүлгөн байланыш боюнча Администрация тарабынан кошумча түрдө берилиши мүмкүн.

3.3.      Акылуу кызматтар Администрация тарабынан ушул Макулдашуунун негизинде, ошондой эле https://lalafo.kg/page/user-agreement шилтемеси боюнча жайгаштырылган Акылуу кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим-офертасынын шарттарында же болбосо Сервис менен Тапшырык ээси арасында түзүлгөн жеке келишимдер боюнча көрсөтүлөт.

3.4.      Акылуу кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим-офертасын же өзүнчө Тапшырык ээси менен жеке келишимди түзүү шарттары.

3.4.1.          Өзүнчө Тапшырык ээси менен жеке келишим анын талабы боюнча жана Тапшырык ээси жеке ишкердик субъекти болсо, кызматтар үчүн түздөн-түз Сервистин алыш-бериш эсебине накталай эмес которуу менен сервистердин кызматтарын же Сервистин контролдук-кассалык машинасын колдонбостон төлөм жүргүзгөн учурларда гана түзүлөт. Мындай өзүнчө Сервис жана Тапшырык ээси арасындагы жеке келишимдер боюнча эсептер жана эсеп-фактуралар, ошондой эле башка зарыл болгон документтер жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Жеке келишимди түзүүдө https://lalafo.kg/ky/page/agreement-offer
  шилтемеси боюнча жайгаштырылган Акылуу кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим-офертасынын шарттары мындай Тапшырык ээсине таралбайт, өзүнчө түзүлгөн келишим боюнча Сервис Кызматтарынын баасы бардык төлөөгө зарыл болгон салык жана жыйымдар суммасына жогорулайт жана мындай жеке келишимде бекитилет.

3.4.2.         https://lalafo.kg/ky/page/agreement-offer шилтемеси боюнча жайгаштырылган Акылуу кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим-офертасы боюнча акылуу кызматтар Сервис тарабынан Тапшырык ээсине Тапшырык ээси жеке ишкердик субъекти болбосо жана/же Акылуу кызматтарды төлөм сервистердин жардамы менен (анын ичинде онлайн төлөм аркылуу) төлөсө же Сервистин контролдук-кассалык машинасын колдонуу менен төлөм жүргүзгөн учурларда көрсөтүлөт. Акылуу кызматтарына тапшырык берип жатып Тапшырык ээси ушул Макулдашуунун шарттарынан башка https://lalafo.kg/ky/page/agreement-offer шилтемеси боюнча жайгаштырылган Акылуу кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим-офертасынын шарттарын кабыл алат жана макул болот.

3.5.      Капчык Сервистин Пайдалануучусу анын жардамы менен Пайдалануучунун каражаттарынын калдыгы, ошондой эле Сервистин кызматтарын сатып алуулардын тарыхы жөнүндө маалымат алуу боюнча инструмент болуп эсептелет. Пайдалануучунун капчыгы Пайдалануучуга банктык эсепти ачпастан же электрондук акчалар менен эсептешүү үчүн которууларды жүргүзүүгө арналган төлөмдүн электрондук каражаты болуп эсептелбейт.

Пайдалануучу капчыктын балансын ал жөнүндө Сервистеги жайгаштырылган маалымат боюнча ага ыӊгайлуу бардык ыкмалар менен толуктай алат.

Пайдалануучунун капчыгындагы көрсөтүлгөн каражаттар башка уюмдардын, ошондой эле Сервистин башка Пайдалануучуларынын товарлары/кызматтары үчүн төлөм каражаттары катары таанылбайт жана пайдаланыла албайт.

Пайдалануучунун капчыгынын тикелей жардамы менен Сервис электрондук акча каражаттарын толуктоо, сактоо жана которуу операцияларын ишке ашырбайт. Мындай кызматтарды Сервис тиешелүү келишимдерди түзгөн жана алар мындай ишмердиктин түрлөрүнө аракеттеги мыйзамдарга ылайык зарыл болгон руксаттар жана лицензиялары бар өзүнчө контрагенттер аткарышат. Пайдалануучу тарап эсептерин толуктоодо жана акча каражаттары менен башка аракеттерди ишке ашырууда Сервис автоматтык түрдө Пайдалануучуну мындай төлөм сервистердин сайттарынын веб-барактарына жиберет.

Тиешелүү учурларда Пайдалануучунун жеке маалыматтарын топтоо жана иштетүү (Пайдалануучунун банктык (төлөм карталарындагы банктык эсептери жөнүндө маалыматтарды кошо) мындай төлөм чыныгы Конфиденциалдуулуктун саясаты менен эмес, сервистеринин конфиденциалдуулугунун саясатчылары тарабынан жөнгө салынат. Сервис Пайдалануучунун банктык эсептериндеги маалыматтарды топтобойт, сактабайт, ошондой эле Пайдалануучунун карамагында болгон банктардын жана төлөм системаларынын анын банктык (төлөмдүк) карталары жана башка финансылык маалыматын башка ыкма менен иштетпейт (Сервистин Пайдалануучулук макулдашуусунда жана ушул Конфиденциалдуулуктун саясатында көрсөтүлгөн маалыматтан башка).

Пайдалануучу Пайдалануучунун капчыгында көрсөтүлгөн маалыматты жана ошондой эле башка жеке маалыматты үчүнчү жактарга ачып бергендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

3.6.      Акы төлөнүүчү кызматты автоматтык түрдө узартуу (Автоузартуу).

3.6.1.      Капчык.

Колдонуучу тарабынан активдештирилген Акы төлөнүүчү кызматтын мөөнөтү аяктагандан кийин, эгерде Колдонуучунун аккаунтунун тиешелүү баракчасында автоматтык түрдө узартуу опциясы тандалган болсо, Сервис Акы төлөнүүчү ал кызматты автоматтык түрдө узартат. Акы төлөнүүчү кызматты автоматтык түрдө узартууда Сервис Колдонуучу тандап алган, Акы төлөнүүчү кызмат наркынын суммасын Колдонуучунун капчыгынан автоматтык түрдө эсептен чыгарат. Автоматтык түрдө узартуусу Акы төлөнүүчү кызматтын мөөнөтү бүткөндөн кийин кийинки күнү буга чейин Колдонуучу активдештирилген кызматка жүргүзүлөт. Акы төлөнүүчү кызматтын андан кийинки узартылуусу буга чейин активдештирилген кызматтын ошол эле мөөнөттүндө жана ошол эле шарттарында ишке ашырылат. Узартуунун саны чектелген эмес жана ал Колдонуучунун капчыгындагы баланстан бардык каражаттары эсептен чыгарылганга чейин же автоматтык түрдө узартуунун опциясынын активдешүүсү токтотулганга чейин жүргүзүлө берет.  Эгерде Акы төлөнүүчү кызматты узартуу маалында Капчыктын балансында турган каражат Колдонуучу тарабынан тандалган Акы төлөнүүчү кызматтын мөөнөтүн узартуу үчүн жетишсиз болсо, анда кызмат Колдонуучунун капчыгында турган каражаттын суммасына пропорционалдуу мөөнөткө узартылат. Бардык каражаттар эсептен чыгарылгандан кийин Акы төлөнүүчү кызматтын активдүүлүгү токтотулат.

Колдонуучу каалаган учурунда Акы төлөнүүчү кызмат баракчасындагы тиешелүү опциянын активдүүлүгүн токтотуу жолу аркылуу Акы төлөнүүчү кызматты автоматтык түрдө узартууну каалаган учурда өчүрүүгө укугу бар. Бул учурда Колдонуучу автоматтык түрдө узартуу опциясын өчүргөндөн кийин Акы төлөнүүчү кызмат акы төлөнүүчү кызматтын акыркы активдештирүү жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин активдүү болуп турат.

Акы төлөнүүчү кызмат автоматтык түрдө узартылган учурда Сервис кандайдыр-бир жол менен банктык карталардан жана/же Колдонуучунун кайсы-бир эсептеринен акча каражаттарын чыгарбайт. Акы төлөнүүчү кызматтын автоматтык түрдө узартылуусу Сервисте орун алган, Колдонуучунун капчыгындагы баланста турган каражаттардын эсебинен гана жүргүзүлөт.

3.6.2.      «Жазылуу» - Капчыкты автоматтык түрдө толуктоо.

Колдонуучуга «Жазылуу» кызматына (колдонууга мүмкүн болгон жерде) кошулуу мүмкүнчүлүгү берилет.

«Жазылуу» кызматына кошулуу тиешелүү төлөм барагында жүргүзүлөт.

"Жазылуу" кызматынын чегинде төлөө Акы төлөнүүчү кызматка акы алынуучу мөөнөттүн акыркы күнүндө Колдонуучунун банктык картасынын эсебинен акча каражаттарын автоматтык түрдө эсептен чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт.

Акы төлөнүүчү кызматтын ("Жазылуу") баасынынын кийинки эсептен чыгаруу күнү жөнүндөгү маалымат "Жазылуу" жөндөөлөрүндө же Кызматтын башка баракчаларында көрсөтүлүшү мүмкүн.

"Жазылууга" төлөөдө Колдонуучу акча каражаттарынын автоматтык түрдө эсептен чыгарылышы жөнүндө билдирүү алат.

Эгерде бир нече банктык картаны колдонуу мүмкүн болсо (колдонууга мүмкүн болгон жерде), Колдонуучу эсептен чыгаруу үчүн карталардын кезек тартибин аныктайт. Акча каражаттары Колдонуучу биринчи деп тандап алган банктык картанын эсебинен чыгарылат. Биринчи турган банктык картанын эсебинде акча каражаттары жок болгон учурда эсептен чыгаруу кезектеги банктык картанын эсебинен жүргүзүлөт.

"Жазылууга" төлөөдө Колдонуучу өзү ээси болгон жана банк менен Колдонуучунун ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн банк картасын гана колдонууга милдеттенет. Эгерде Колдонуучу башка бирөөнүн банктык картасын атайылап колдонсо, анда ал жогоруда сөз болгон иш-аракеттердин натыйжасында ушул картанын мыйзамдуу ээсине келтирилген/келтирилиши мүмкүн болгон зыян үчүн өзү гана жооп берет.

Акча каражаттары төмөнкү учурларда банктык картадан чыгарылбайт:

- эгерде банктык картанын эсебинде "Жазылууга" төлөө үчүн жетиштүү суммадагы акча каражаттары жок болсо;

- "Жазылууга" туташтырууда Колдонуучу тарабынан көрсөтүлгөн банк картасы бөгөттөлгөн болсо;

- мыйзамда же банктык картаны чыгаруу жана тейлөө боюнча келишимде белгиленген учурларда, банктык картанын эсеби боюнча операциялар токтотулуп коюлган болсо (аткарылбаса).

Банктык картаны жоготкон/алмаштырган учурда, Колдонуучу "Жазылуу" функциясын өчүртүү үчүн, ошондой эле жаңы банктык картанын реквизиттерин көрсөтүү үчүн Администрацияга токтоосуз билдирүүгө милдеттенет. Администрацияга келип түшкөн Колдонуучунун банктык картасын жоготкону тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүсү жоголгон банктык карта боюнча төлөм операцияларын токтото турууга негиз болуп саналат.

Колдонуучу Акы төлөнүүчү Кызматты токтотуу жолу менен же болбосо колдоо кызматына кайрылуу аркылуу, ошондой эле (эгерде бар болсо) Сервис баракчасындагы тиешелүү опцияны деактивдештирүү жолу менен «Жазылуу» сервисин каалаган учурунда өчүргөнгө укуктуу.

Ошол эле убакта Колдонуучу тарабынан кызмат өчүрүлгөндөн кийин акы төлөнүүчү кызмат акыркы "Жазылуунун" мөөнөтү аяктаганга чейин активдүү боло берет, бир гана Колдонуучунун андан аркы Акы төлөнүүчү кызматтын көрсөтүлүшүнөн баш тарткан учурунан башка.

"Жазылуу" кызматы Администрация тарабынан каалаган убакта Колдонуучуларды алдын ала эскертүүсүз өчүрүлүшү мүмкүн.

 

4. Коммуникация

4.1.       Пайдалануучу Администрациянын Пайдалануучуларга электрондук каттарды жана/же кыска билдирүүлөрдү (SMS билдирүүлөрдү) алар көрсөткөн электрондук почтанын даректерине же телефон номурларына (анын ичинде Пайдалануучу Сервистен пайдалануунун токтоткондон кийин) жиберүү укугун өзүнө калтырарын түшүнөт, кабыл алат жана макул болот.

4.2.       Сервистин билдирүүлөрү Сервисте жарыяланышы мүмкүн.

4.3.       Ошону менен Пайдалануучу мындай каттар жана билдирүүлөр болуп жеке эле алар эмес, башка Пайдалануучулардан бүтүмдөрдү түзүү боюнча сунуштар, башка маалыматтык жана/же жарнамалык мүнөздөгү сунуштар жана билдирүүлөр жана башка билдирүүлөр болушу ыктымал экендигин түшүнөт, кабыл алат жана макул болот. Пайдалануучу мындай билдирүүлөр жана/же алардын айрым бөлүктөрү жарнамалык мүнөзгө ээ болорун жана ошондой эле жарнамалык, маалыматтык жана башка билдирүүлөрдү камтышы мүмкүн экендигин түшүнөт, кабыл алат жана макул болот.

4.4.       Сервисте жарыяланган билдирүүлөр алар жарыяланган учурдан баштап Пайдалануучуга жеткирилди деп эсептелет.

4.5.       Сервисте жайгаштырылган билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн форма менен башка Пайдалануучулар жана/же автоматташтырылган системалардын (роботтордун) пайдалангандыгы үчүн Администрация жоопкерчиликтүү болбойт.

4.6.       Башка Пайдалануучулардын жана/же роботтордун Сервистин барактарына Пайдалануучу тарабынан жайгаштырылган телефон номурларын жана электрондук даректерди пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликтүү болбойт.

4.7.       Пайдалануучуларга каттарды жана билдирүүлөрдү жиберүү максаттары үчүн электрондук почтанын даректерин жана телефон номурларын үчүнчү жактарга берүүгө Администрациянын укугу бар экендигин Пайдалануучу тастыктайт.

4.8.      Пайдалануучунун Администрация же Сервис модераторлору менен кат жазышуу дареги Сервисте көрсөтүлгөн электрондук почта кутусунун жардамы менен, ошондой эле башка коммуникация каражаттарынын жардамы менен жүргүзүлөт.

Колдонуучулар ар кандай билдирүүлөр жана маалымат, эгерде мындай билдирүүлөр жана маалымат Сервистин ички билдирүү системасына жөнөтүлсө, аткарылды деп эсептелерин моюнга алышат.

Кызматтын ички билдирүүлөр системасында жөнөтүлгөн билдирүүлөр Колдонуучуга тийиштүү түрдө жана тийиштүү түрдө жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык, алар тиешелүү Колдонуучунун эсебине жеткирилген күндөн тартып жеткирилди деп эсептелет.

4.9.      Пайдалануучуга Сервисте модераторлордун жана Администрациянын аракеттери тууралуу түшүндүрмөлөрдү, талкууларды жана башка жазууларды (анын ичинде, бирок чектелбестен, кемсинтип кордогон мүнөздөгү) калтырууга тыюу салынат. Антпесе Сервис Администрациясы мындай Пайдалануучунун Жеке кабинетин (аккаунтун) тосмолоого же өчүрүүгө укуктуу.

4.10.     Пайдалануучу тийиштүү сурамды жөнөтүп, кайсы болбосун учурда өзүнүн телефон номерине же электрондук дарегине билдирүүлөрдү алуудан баш тарта алат.

 

5. Интеллектуалдык менчик

5.1.       Сервисте пайдаланылуучу программалардын, белгилердин, соода маркаларынын, автордук укуктун объектилеринин жана башка объектилердин жыйындысы анын мыйзамдуу укук ээлеринин интеллектуалдык менчиги болуп эсептелет жана интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамдар менен, ошондой эле тиешелүү эл аралык укуктук келишимдер жана конвенциялар менен корголот.

5.2.      Администрация сайт жайгашкан домендик аттын, сайттын өзүнүн, мобилдик тиркемелердин, Сервис тарабынан түзүлгөн маалымат базаларынын (анын ичинде Сервис Пайдалануучулардын маалыматтар базасынын), ошондой эле бардык Сервистин жана Сервистин бардык программалык камсыздоосунун өзгөчө менчик ээси болуп саналат.

5.3.       Программалык камсыздоону жүктөөдө Администрация Пайдалануучуга жеке акысыз өзгөчө эмес лицензияны программалык камсыздоону пайдалануу үчүн аны үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укуксуз берет.

5.4.       Мындай лицензия Сервистин кызматтарынан пайдалануу жана Сервистин функцияларына ылайык алардан пайда табуу үчүн Пайдалануучуга гана берүүгө арналган.

5.5.       Администрациянын (Сервистин) (анын ичинде программалык камсыздоонун) интеллектуалдык менчигинин объектилеринин толугу менен же кандайдыр-бир бөлүгүн көчүрмөлөөгө, өзгөртүүгө, таркатууга, сатууга, алмаштырууга же ижарага берүүгө, ошондой эле «талкалап кирүүгө» же программалык камсыздоонун баштапкы кодун Администрациянын кат жүзүндөгү руксаты жок алууга аракет кылууга тыйуу салынат. Бул Макулдашууда уруксаат берилгенден башка Сервистин курамына кирген жана Администрацияга таандык болгон элементтерди, символиканы, тексттерди, графикалык сүрөттөрдү, программаларды, маалымат базаларын жана башка объекттерди Администрациянын же башка укук ээсинин уруксааты жок кайсы болбосун түрдө колдонуу мыйзамсыз болуп эсептелет жана мыйзамдарга ылайык соттук кароонун жана бузуучуларды жарандык-укуктук, административдик жана  жазык жоопкерчилигине тартууга себеп болушу мүмкүн.

 

6. Жоопкерчиликти чектөө. Форс-мажор

6.1.       Сервисте Пайдалануучу тарабынан көрсөтүлгөн бардык маалымат (анын ичинде жеке маалыматтар) Пайдалануучу тарабынан анын Товарын сатуу үчүн жайгаштырылат. Колдонуучу гана тексттин туура киргизилишине, тиешелүү формалардын туура толтурулушуна жана маалыматтардын киргизилишине байланыштуу жоопкерчиликти өз мойнуна алат.

6.2.       Пайдалануучу өзү жөнүндө тигил же бул маалыматты өзүнүн гана кызыкчылыгында, анын ичинде Пайдалануучу менен байланышты орнотууну жеӊилдетүү же/жана Пайдалануучуну идентификациялоо үчүн жайгаштырат.

6.3.       Өзү жөнүндө маалыматты жайгаштыруу менен, Пайдалануучу мындай маалымат Сервисте ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырыла тургандыгын, башкача айтканда, кайсы болбосун келүүчүгө же Сервистин Пайдалануучуларына жеткиликтүү экендигин түшүнөт жана ага макул болот.

6.4.       Пайдалануучу интернет тармагында алдамчылык менен, ошондой эле Пайдалануучу тарабынан маалыматты жайгаштыруу менен байланыштуу тобокелдерди анын ичинде төмөнкүнү кошкондо, бирок булар менен гана чектелбеген тобокелдерди түшүнөт жана өзүнө кабыл алат: электрондук почта дарегинин спам-билдирүүлөрдү жөнөтмөлөр үчүн тизмеге кирип калуу тобокели, электрондук почта дарегинин ар кайсы алдамчылардын колуна түшүп калуу тобокели, телефон номурунун SMS-спамерлердин жана/же SMS-алдамчылардын колуна түшүп калуу тобокели жана мындай маалыматты жайгаштыруудан келип чыккан башка тобокелдер.

Пайдалануучулар жана Сервиске кирүүчүлөр үчүн мүмкүн болгон алдамчылык жосундар тууралуу эскерткич https://lalafo.kg/page/how-to-sell шилтемеси боюнча жайгаштырылган.

6.5.       Администрация Товарга карата бүтүмдөрдүн  уюштуруучусу, ортомчусу, сатып алуучу же сатуучу болуп саналбайт.

6.6.       Сервис Сервистин Пайдалануучулары менен бүтүмдөрдү жүргүзүү жана аткаруу (ишке ашыруу үчүн чыгымдарга, алынбай калган пайдага, кирешелерге, финансылык чыгашаларга же кыйыр, фактылык, бүтүмдөрдү жасоонун натыйжасында келтирилген кошумча же жазапулдук чыгашалар, ошондой эле кайсы-бир жактын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасындагы чыгашалар үчүн жоопкерчиликте болбойт.

6.7.       Сервистин кызматтарынан пайдаланып, Пайдалануучу Сервисти өзүнүн тобокелдиги менен пайдалануусун тастыктайт, Сервисте жайгаштырылган жарыяларды пайдаланууга байланышкан бардык коркунучтарды мойнуна алат.

6.8.       Сервис Пайдалауучуларга Сервисти пайдаланууга мыйзам тарабынан, ушул Макулдашуу жана башка эрежелер менен сатуу жана/же сатып алуу руксат берилген Товарларга карата жарыяларды жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү инструмент болуп эсептелет.

6.9.       Администрация Пайдалануучулар жайгаштырган жарыяларды дайыма эле текшере бербейт, ошондуктан Товардын сапаты, коопсуздугу, мыйзамдуулугу жана анын баяндамасына шайкештиги, ошондой эле сатуучунун сатуу жана кардардын Товарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү Сервистин контролдугунан тышкары турат.

6.10.     Администрация жарыяларда Пайдалануучулар тарабынанжайгаштырылган маалыматттардын аныктыгына контролдук жасай албайт.

6.11.     Сервисти пайдалануу менен Колдонуучу Сервисти "кандай болсо ошондой" өз тобокелдигинде колдонуп жатканына өзүнүн макулдугун тастыктайт. Колдонуучу Сервистеги жайгаштырылган жарыяларды жана маалыматтарды пайдаланууга байланыштуу бардык тобокелдиктерди баалайт жана өз мойнуна алат, ал эми Администрация, ошондой эле анын жетекчилиги, кызматкерлери жана агенттери Сервисте жайгаштырылган жарыялардын жана маалыматтардын мазмуну үчүн, ошондой эле Сервисте жайгаштырылган жарыяларды, маалыматтарды пайдалануунун натыйжасында келип чыккан ар кандай чыгым тартуулар жана жоготуулар үчүн эч кандай жоопкерчиликти өз мойнуна албайт.

6.12.     Администрация, анын жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле Сервисти колдоо кызматы Сервисте жайгаштырылган, Колдонуучунун байланыш маалыматтарын үчүнчү жактар тарабынан пайдаланылганына байланыштуу Колдонуучуга келип жаткан ар кандай   билдирүүлөрдүн (анын ичинде Колдонуучулардын почта ящигине жана /же уюлдук телефонуна келген,  ошондой эле ар кандай бөтөн мессенджерлердин жана сервистердин жардамы аркылуу алынган билдирүүлөрдүн) мазмуну үчүн, ошондой эле Колдонуучулардын маалыматтарынын башкача пайдаланылгандыгы үчүн жана мындай маалыматты пайдалануудан келип чыккан чыгым тартуулар жана жоготуулар үчүн эч кандай жоопкерчиликти албайт. Колдонуучу гана мындай билдирүүлөрдө камтылган маалыматтардын анын тарабынан колдонулганы үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алат.

6.13.     Пайдалануучу Сервисте жарыяны жайгаштыруу фактысы сунуш, кайсы-бир Товарды сатуу жана\же сатып алуу анык жана легалдуу экендигине кепилдик болуп эсептелбегендигин түшүнөт. Бүтүмдү ишке ашыруу жөнүндө чеимди Пайдалануучу өз бетинче кабыл алат.

6.14.     Мыйзам тарабынан руксат берилгендей, бардык дооматтар боюнча Сервистин жалпы жоопкерчилиги Пайдалануучу Сервистин кызматтарынан пайдалануу үчүн төлөгөн сумма же (Сервистин кароосу боюнча) Пайдалануучуга ушул кызматтарды кайталап берүү менен чектелет.

6.15.     Пайдалануучу менен башка Пайдалануучулардын жана\же Сервиске келүүчүлөрдүн ортосундагы бардык талаш-тартыштар (анын ичинде бүтүмдөрдү ишке ашыруунун натыйжасында) Администрацияны катыштырбастан Пайдалануучу өзү чече тургандыгына Пайдалануучу макулдук берет.

6.16.     Администрация Сервистин кызматтарына жана\же Пайдалануучулар жөнүндө кайсы болбосун маалыматка (анын ичинде жеке маалыматтарга) Администрациянын макулдугусуз аткарылган (руксатсыз) үчүнчү жактардын бардык кирүүлөрү үчүн жоопкерчиликте болбойт.

6.17.     Пайдалануучу Сервистин кайсы болбосун мазмуну менен байланышкан жана\же Пайдалануучу ишке ашырган бүтүмдөрдүн натыйжасында , автордук укуктарды каттоо жана мындай каттоо жөнүндө маалыматтар, Сервисте жеткиликтүү болгон товарлар жана кызматтар же Сервисте жайгаштырылган маалыматты пайдалануу менен өзү кирген Пайдалануучунун башка байланыштары боюнча ар кандай мүмкүн болгон же пайда болгон жоготуулар жана чыгашалар үчүн жоопкерчиликтүү болбойт жана Пайдалануучунун алдында тике же кыйыр милдеттенмелери жоктугуна макул болот.

6.18.     Администрация Сервиске өткөрүп бере турган же үчүнчү жактардын Сервис аркылуу өткөрүшү мүмкүн болгон бардык программалык үзгүлтүктөргө, бузулууларга жана башка техникалык кемчилдиктерге, ошондой эле катачылыктарга, программалык вирустарга ж.б. жоопкерчиликтүү болбойт.

6.19.     Пайдалануучу аракеттеги мыйзамдарга жана ушул Макулдашууга ылайык гана аракет кылууга жана ошондой эле Сервистин кызматтарын пайдаланууда Сервистеги өзүнүн аракеттерине жана аракетсиздигине мыйзамдарга ылайык толук жоопкерчиликте болууга милдеттенет.

6.20.     Пайдалануучунун укуктарын Сервистин башка Пайдалануучусу тарабынан бузулган учурда (интеллектуалдык менчиктин объектисин укукка каршы колдонуу жана башкалар), укуктары бузулган Пайдалануучу Администрацияга же модераторлорго тиешелүү даттануу менен кайрыла алат. Администрация даттанууну карайт жан анын негиздүү экендигинде Администрация Пайдалануучунун укуктарын бузууну токтотуу боюнча чараларды көрүүгө укуктуу.

6.21.     Администрация жарыяларда жайгаштырылган Товарлардын коопсуздугу жана укуктук “тазалыгы” жана Пайдалануучулардын бүтүмдөрдү түзүү учурунда коопсуздугу үчүн жооп бербейт.

6.22.     Бир дагы тарап ушул Макулдашуу боюнча милдеттерин  аткарбагандыгы үчүн мындай милдеттерди аткаруу Тараптар макулдашууну түзгөн учурда алдын ала биле албаган жеңилгис күч кырдаалдарынан улам кармалса же бузулса, жооптуу деп эсептелбейт.

Мындай кырдаалдарга төмөнкүлөр кирет: жер титирөөлөр, суу ташкындар, өрттөр, башка табигый кырсыктар, куралдуу жаңжалдар жана интервенция, террористтик актылар, жапырт башаламандык, элдик толкундоолор, иш таштоолор, мыйзамдарда өзгөртүүлөр, мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдери, ошондой эле Тараптардын ушул Келишимди аткарууга түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон башка жагдайлар.

 

7. Макулдашуунун аракет мөөнөтү.

7.1.       Бул макулдашуу Пайдалануучу каттоодон өткөн фактысына же Сервисте жарыяны жайгаштыргандыгына карабастан, Пайдалануучу тарабынан Сервистин кызматтарын пайдалана баштагандан тартып күчүнө кирет жана мөөнөтсүз аракетте болот.

7.2.       Пайдалануучу Сервистеги өзүнүн каттоосун бир тараптуу, бул тууралуу Администрацияны алдын ала эскертпестен жана себептерин түшүндүрбөстөн токтотууга укуктуу.

7.3.       Пайдалануучу менен Макулдашууну Администрация тарабынан бузуу төмөнкү учурларда болушу мүмкүн:

7.3.1.          Пайдалануучунун ушул Макулдашуунун шарттарын жана/же мыйзамдарды бузуусу, Сервиске же Администрацияга, анын ичинде аброюна же башка Сервис пайдалануучуларына кайсы  бир зыян келтирүүсү;

7.3.2.          Администрациянын же Сервистин саясатына каршы келген башка аракеттерди ишке ашыруу.

7.4.      Пайдалануучу тарабынан ушул Макулдашуунун, Келишим-офертанын, башка кошумча документтердин жоболорунун же Администрация тарабынан Сервисте жайгаштырылган жана Пайдалануучу тарабынан акцепттелген эрежелердин жана/же колдонуудагы мыйзамдардын, адеп-ахлактын ченемдеринин бузулушунда Сервис өзүнүн ыктыяры боюнча Пайдалануучуну кирүү мүмкүнчүлүгүн токтотуу укугун өзүнө калтырат. Кирүү мүмкүнчүлүгү токтотулган же маалыматтары анык болбой калган Пайдалануучу кайрадан катталууга укугу жок, ошондой эле мындай Пайдалануучунун Сервиске кирүү үчүн башка Пайдалануучунун каттоо маалыматтарын колдонууга укугу жок. Укуктук мамилелер Администрация тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин гана калыбына келтирилиши мүмкүн.

 

8. Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү

8.1.       Администрация тарабынан Сервистеги кызматтарды көрсөтүүнүн сапаттарын жакшыртуу, мыйзамдардын талаптарын сактоо жана рыноктук шарттардын өзгөрүүлөрүнө реакция кылуу максатында бул Макулдашууга Администрация тарабынан бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Макулдашуунун жаӊы редакциясы эгерде Макулдашуунун жаӊы редакциясы же Администрация тарап болуп эсептелген башка кошумча документтер менен башка каралбаган болсо, аны Интернет тармагына жайгаштырган учурдан тартып күчүнө кирет.

8.2.       Макулдашууга киргизилген өзгөртүүлөргө Пайдалануучу макул болбогон учурда ал Сервиске жеткиликтүүлүктөн баш тартып, Сервистин кызматтарынан пайдаланууну токтотушу керек.

 

9.Башка шарттар.

9.1.       Талаш-тартыштар пайда болгон учурда ушул Макулдашуунун тараптары аларды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө милдеттенишет. Ушул Макулдашууну аткарууда жана Сервистин кызматтарын берүүдө келип чыккан талаш-тартыштар аракеттеги мыйзамдарга ылайык чечүүгө жатат.

9.2.       Бардык талаш-тартыштарга Эстониянын мыйзамдары колдонулат. Ушул Келишимге, ошондой эле Тараптардын ушул Келишимден келип чыккан мамилелерине колдонулуучу укук Эстониянын укугу болуп саналат.

9.3.       Администрация бир тараптуу тартипте, Пайдалануучуларды кабарлабастан ушул Макулдашууну өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.  Макулдашуунун жаӊы редакциясы Сервисте жарыялоо күнүнөн тартып күчүнө кирет.

9.4.       Макулдашууда эч нерсе Пайдалануучу менен Администрациянын ортосундагы агенттик мамилелердин, Жолдоштук мамилелердин, биргелешкен ишмердик боюнча мамилелердин, жеке жалдоо мамилелерин, же Макулдашуу менен түздөн-түз каралбаган башка кайсы-бир мамилелердин түзүлүшү катары түшүнүлүшү жана чечмеленүүсү мүмкүн эмес.

9.5.       Макулдашуунун кайсы-бир жобосунун жараксыз же мажбурлап аткарууга жатпай тургандыгын сот аркылуу аныктоо Макулдашуунун башка жоболорунун жараксыздыгына алып келбейт.

9.6.       Пайдалануучулардын кимдир бирөөсүнүн Макулдашуунун жоболорун бузуусунда Администрация тарабынан болгон аракетсиздик Администрациянын өз кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча тиешелүү аракеттерди кийинчерээк көрүшү боюнча укуктарынан ажыратпайт.

9.7.       Ушул Макулдашуу менен каралбаган башка бардык шарттар жана жагдайлар өзүнчө жеке тартипте жөнгө салынат.

 

Пайдалануучу ушул Макулдашуунун бардык пункттары менен таанышкандыгын жана аларды сөзсүз түрдө толук көлөмдө кабыл алгандыгын тастыктайт.

Толуктоолор:

  1. № 1 тиркеме (КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК" БӨЛҮМҮНӨ ЖАРЫЯЛАРДЫ ЖАЙГАШТЫРУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ)

Пайдалануучулук макулдашууга № 1 тиркеме.

"КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК" БӨЛҮМҮНӨ ЖАРЫЯЛАРДЫ ЖАЙГАШТЫРУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ

Кыймылсыз мүлк агенттиги - Кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө, анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен, кыймылсыз мүлк сатып алуу жана сатуу, ижара жана аны башкаруу боюнча профессионалдык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырган юридикалык жак.

Риэлтор - кыймылсыз мүлктү сатып алуу, сатуу жана ижара маселелеринде ортомчулук милдеттерин аткарган жеке жак.

Каттоодо колдонуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1.      Ишмердүүлүктүн туура түрүн көрсөтүүгө. Кыймылсыз мүлк агенттиги же Риэлтор болгон колдонуучу жарыяны жарыялоодо ылайыктуу маанини "Сунуш түрү" параметринде "Кыймылсыз мүлк агенттиги" же "Риэлтор" дегенди тандоого милдеттенет. Эгерде Колдонуучу "Сунуш түрү" параметринде ал өзү болбогон (мисалы, эгерде Кыймылсыз мүлк агенттиги же Риэлтор болгон Колдонуучу жарыя чыгарууда "Сунуш түрү" параметринде "Менчик ээси" дегенди тандаса) башка маанини көрсөтсө, Администрация алдын ала эскертүүсүз, бул жарыяны өчүрүүгө же Колдонуучуну бөгөттөөгө укуктуу.

2.       Туура байланыш email дарегин көрсөтүүгө. Бул дарек Колдонуучу менен Сервис Администрациясынын ортосундагы байланыштын негизги каналы болот.

3.       Бар болгон телефон номерин көрсөтүүгө.

Маанилүү! Клон аккаунттар Сервистин Администрациясы тарабынан текшерилип, кабарлоосуз же кайра каттоо укугу берилбестен өчүрүлөт.

Жарыяны жайгаштырууда төмөндөгү эрежелерди сактоо керек:

1. Жарыя кыймылсыз мүлк объектилери жөнүндө максималдуу толук маалыматты камтууга тийиш;

2. Жарыя чыныгы болушу керек (мисалы, жарыя болбогон кыймылсыз мүлк объектилерди; калктуу конуштун башка районунда жайгашкан, сатылган/ижарага берилген объектилерди камтыбашы керек).

3. Жарыянын баш жазуусу анын мазмунуна ылайык келиши керек;

4. Жарыянын баш жазуусунда жана текстинде сиздин байланыш маалыматыңыз камтылбашы керек (анын ичинде телефон номери, дареги, e-mail ж.б.);

5. Жарыянын баш жазуусунда жана текстинде товар/кызмат сунуш кылган компаниянын аталыштары, сайт даректери (URL) же сайтка шилтеме төмөндө жайгашкан деген текст түрүндөгү көрсөтмөнү камтыбашы керек, мисалы, байланыш маалыматында (мисалы, шилтеме боюнча көп сандагы жарыялар);

6. Жарыяда сатуу (ижара) объектисинин туура эмес мүнөздөмөлөрүн көрсөтүүгө жол берилбейт. Анын ичинде, эгерде көрсөтүлгөн баасы иш жүзүндөгү кыймылсыз мүлктү сатуунун жана/же ижара баасына туура келбесе. Баа сатуунун (ижаранын) бүткүл предмети үчүн толук көрсөтүлүшү керек. (мисалы, буюмду бөлүп төлөө жолу менен сатууда баасы бөлүп төлөө мөөнөтүнө жараша эмес, толук көрсөтүлүшү керек);

7. Сүрөтү жарыянын баш жазуусуна жана текстине дал келиши керек. Сүрөттө сунушталган кыймылсыз мүлк объектиси гана көрсөтүлүшү керек. Сүрөттө компаниянын аталышы же башка жарнамалык маалыматтар, ошондой эле байланыш маалыматтары (анын ичинде, бирок телефон номери, дареги, e-mail, QR код ж.б. эле эмес) камтылбашы керек;

8. Бөлүмүнө карабастан бир жарыяда сатуу/ижара/ж.б. 1 гана буюмду жайгаштырууга жол берилет.

Сервистин Администрациясы эгерде жарыялар ушул Эрежелерге ылайык келбесе, аларды өчүрүү укугун, ошондой эле Сервиске киргендерге ыңгайлуу болушу үчүн жана себептерин түшүндүрүүсүз бир Колдонуучунун жарыяларынын санын чектөө укугун өзүнө калтырат.

Сайтка жарыялоодо төмөнкүдөй мазмундагы жарыялар кабыл алынбайт:

1. Кыймылсыз мүлк объектисине дал келбеген сүрөттөрдү камтыган жарыялар;

2. Нормативдик эмес лексика, ошондой эле кемсинткен сөздөр, анын ичинде расисттик, диний жана/же саясий мүнөздөгү сөздөр;

3. Порнография, анын ичинде порнографиялык мүнөздөгү сүрөттөр;

4. Алдамчылык, опузалап талап кылуу ж. б.;

5. Зомбулукка жана укукка каршы аракеттерге чакырыктар;

6. Улуттук, расалык, диний, жыныстык жана башка белгилери боюнча басмырлоо;

7. Маалыматтар базасын сатып алуу/сатуу сунуштары (анын ичинде, кыймылсыз мүлк, E-mail – даректер, телефон номерлери базасы ж.б. эле эмес).

Эгерде жарыя аталган критерийлерге туура келбесе - ал Сервистин администрациясы тарабынан өчүрүлөт. Тиешелүү жарыяны жайгаштырган Аккаунт чектелбеген мөөнөткө бөгөттөлөт жана ага кайрадан катталууга укук берилбейт.

1. Бир колдонуучудан объект сүрөттөлүшүнүн тексттери окшош болгон бир нече жарыяны жарыялоого жол берилбейт.

2. Эгерде колдонуучунун мазмуну боюнча ушул сыяктуу бир объектини сатып алуу-сатуу/ижара сунушу менен бир нече жарыясы болсо, башкача айтканда, маңызы боюнча – ар кандай сөздөр менен берилген бир эле жарыя, мындай жарыялар кайталанган деп эсептелет жана Сервистин администрациясы тарабынан алынып салынат. Бул учурда уникалдуу мазмундагы бир эле жарыя калат.

Жарыяларды өчүрүүнүн мүмкүндүү себептери

1. Колдонуучуда ушул эле объектти жарнамалаган активдүү жарыясы бар;

2. Жарыянын негизги талаалары толтурулбаган;

3. Жарыяда камтылган маалымат ушул Эрежелерге жана/же колдонуудагы мыйзамдарга каршы келет;

4. Жарыяда камтылган маалымат анык эмес;

5. Жарыянын тексти сунушталган объект тууралуу маалыматты камтыбайт.

6. Жарыянын тексти энчилүү аттардын биринчи тамгаларын кошпогондо, баш тамгалар менен түзүлгөн. Кыскартуулар гана толугу менен баш тамгалар менен жазылышы мүмкүн. Туура эмес жазылган текстке мисал: “ШАШЫЛЫШ БИШКЕКТЕН БАТИР САТАМ”;

7. Жарыянын баш жазуусунда кайталанган илеп, суроо белгилери, чекиттер жана башка белгилер камтылган. Туура эмес жазылган текстке мисал: “**** Батир сатам, арзан!!!”;

8. Жарыянын текстинде көптөгөн орфографиялык жана тыныш белгилери каталары кетирилген, жарыяланган маалыматты кабыл алууну кыйындаткан тыныш белгилери коюлбаган;

9. Сүрөт менен жарыянын текстинде эч кандай байланыш жок же жарыянын текстин адекваттуу иллюстрациялоо максатын көздөбөйт;

10. Сүрөт колдонуучу интерфейсинин элементтерин, абстракттуу сүрөттөрдү камтыйт;

11. Сүрөт ар кандай жарнамалык маалыматты (компаниянын аталышы, логотип, байланыш маалыматы ж.б.) камтыйт;

12. Сүрөт аябай ачык фонго ээ;

13. Сүрөттүн сапаты начар, көрсөтүлгөн буюм даана эмес;

14. Кош, күзгүлүү сүрөттөрдү же фотоколлаждарды жүктөөгө тыюу салынат.