fb pixelСервисте Жарыяларды жарыялоо эрежелери lalafo.kg ➤ lalafo эрежелери

Сатуунун тартиптери


Lalafoдо баардык жарыялар модерациядан өтөт.

Анда, төмөнкү жайгаштыруу эрежелери менен таанышып алыңыз.

Активдуу жарыялардын лимити тууралуу маалымат-   https://lalafo.kg/account/ads-limit

Баяндоо

1.1. Сатып алуучулар издеген сөздөрдү колдонуңуз (өндүрүүчүнүн аталышы, модели ж.б)

1.2. Ар бир жарыя бир товардын же бир кызматтын баяндоосунан туруш керек (эгерде сиз 2 же андан көп товар сатсаңыз, өз-өзүнчө жарыяларды жайгаштырыңыз).

1.3. Баяндоо мүмкүн болушунча кенен жана кызыктуу болуш керек.

1.4. Баяндоодо байланыш маалымат жана башка ресурстарга шилтемелер болбош керек.

1.5. Сүрөттөмөдө баш тамгалар менен гана колдонбоңуз, бул жарнаманы жагымсыз кылат. Мындай жарнамалар кулактандыруудан  кийин оңдолушу мүмкүн.

Баа

2.1. Чыныгы нак баасын жайгаштырыңыз, «1 сом», «2 сом» сыяктуулар болбойт. Болжолдонгон баалар келишимдуу статусуна которулат.

2.2. Баасын тиешелүү ордунда белгилегиле. Жарыянын башжазуусунда бааны жазбаңыздар.

2.3. Баанын оптималдуусун тандоо үчүн башка окшош жарыяларды карап аныктаңыз.

Сүрөттөр

3.1. Сапаттуу сүрөттөр менен коштолгон жарыялар сүрөттөрү жокторго салыштырмалуу 3-5 эсе көп кароолорду алат.

3.2. Товардын реалдуу фотолорун жүктөңүз. Интернеттеги сүрөттөрдү колдонуудан алыс болуңуз. Баалар, телефондор жана социалдык тармактарга шилтеме бар фотолор өчүрүлөт.

3.3. Фотолорду жакшы жарыкта тартыңыз.

Контакттар

4.1. Байланыш маалыматты тиешелүү аянтчасында белгилегиле.

4.2. Контакттарды башжазууда, баяндоодо жана сүрөттө жайгаштырууга мүмкүн эмес.

Дубликаттар

5.1. Жарыялардын дубликаттарын жайгаштырбаңыздар. Андайлар аныкталгандан кийин өчүрүлөт.

5.2. Бир колдонуучудан мурун жайгаштырылган же анын маанисин кайталаган жарыяларды дубликат деп атайбыз.

 5.3. Башка аккаунтардагы идентикалык жарыялар аныкталгандан кийин дубликат деп аталып, кеч жайгашканы өчүрүлөт.

5.4. Дубликат деп жалпы тизмеде өйдө көтөрүү максаты менен жасалган атайын (олуттуу эмес) өзгөртүүлөрү бар жарыяны атайбыз. Мындай аныкталган жарыялара кайра калыптандыруусу жок өчүрүлөт.

5.5. Сервистин эч бир акы төлөнүүчү же акысыз кызматтары колдонуучуга жарыялардын дубликаттарын жарыялоого укук бербейт

Жумушка кабыл алуу жарыялар

6.1. иш ордун сунуштап жаткан компаниянын атын

6.2. изделип жаткан кызматкердин милдеттерин жана ага коюлган талаптары, милдеттери толук баяндалышы зарыл.

6.3. алдамчылыкта шектелген колдонуучулардын жарыялары четке кагылат.

 6.4. сетевой маркетинг, жана калп маалымат боюнча жумуш орундар жайгаштырылбайт. Башка вакансия катар, сетевой маркетинг боюнча жумуштар жайгаштырылган болсо, аккаунт кулпуланат.

Төмөнкү мүнөздөгү жумуш жөнүндө жарыялар кабыл алынбайт

7.1. Шектүү жумуш сунуштар, анын ичинде интернетте иштөө жумуш берүүчүнүн физикалык адреси жана түз байланыштары жок (баары үчүн жумуш, электрондук почта менен үйдө отуруп иштөө, салым талап кылбаган жумуш жана ушул сыяктуу)

7.2. Чет өлкөлөрдөгү түңкү клубдарда, веб-модел болуп, свингер-клубдардын кызматтары боюнча, экскорт-кызматтар боюнча, нике агенттиктерине котормоочу-кыздар болуп, калемсаптарды үйдө чогултуп иштөө боюнча сунуштар;

7.3. Агенттик кызмат көрсөтүү (банктын агенти),  соода өкүлчүлүгүнүн жана башка өкүлдөрдү, агенттерди, субагенттерди, субдистрибьюторлорду тартуу боюнча башка жумуштар, трейдерлердин иштери (Форекс-трейдинг, MMCIS жана сыяктуу) боюнча сунуштар.

 7.4. Франчайзинг боюнча сунуштар

7.5. Компаниянын аталышы жана кесиптик тажрыйбасы бонча талаптары жок офис кызматкерлердин вакансиялары.

 

Тыюу салынган товарлар

LaLaFo сайтында баардык эле жарыялар жарыялана бербейт. Кайсы товарлар жана кызматтар жөнүндө жарыялар LALAFOдо жайгаштырганга тыюу салынган. Төмөнкү тизмеде маалыматы бар жарыялар калыбына келтирүүсүз өчүрүлөт. Эгерде жарыяда мамлекеттеги мыйзамдар менен тыюу салынган товарлар жана кызматтар боюнча маалымат болсо, колдонуучунун аккаунту эскертүүсүз өчүрүлөт.

Жалпы жарнамалык түрдөгү жарыялар же конкреттүү сунушу жок. Конкреттүү товарлар жана кызматтар жөнүндө жарыялар болуш керек. Жарнамалык маалымат бары бара жарыяларга жана төмөнкү түрдөгү жарнамалык жарыяларга тыюу салынат:

  • интернет-ресурстардын (порталдар, социалдык тармактар, таанышуу сайттар ж.б);

  • бизнестин (дүкөндөрдүн, компаниялардын) жана анын товарларынын, кызматтарынын, бааларынын ассортиментеринин.

Мисалы, «Биздин дүкөн саат 9дан 20га чейин дем алышсыз иштейт», «Ушуну жана башка товарларды Л.Толстой, 35 дареги боюнча табып аласыз».

  • Мыйзам менен бекетилген тыую салынган товарлар жана кызматтар.

  • Тыюу салынган жана жараандык колдонуудан чыгарылган товарлар.

  • ЛАЛАФОдо жайгаштырылган товарлар жана кызматтар боюнча жарыялар, эгерде алардын соода маркасынын жана кызматтын укуктук эссинен Администрацияга (ЛАЛАФО) расмий суроо-талап түшсө.

  • Ар кандай ок атуучу куралдар (комплекттөөчү жана аксессуарлар), антиквариаттан сырткары. Эгерде бычак атылбас куралдарга кирбесе жарыя аны тастыктаган сертификат же корутунду менен коштолушу тийиш. Дагы жарыянын баяндоосунда ГОСТ, ТУ жана сертификаттагы дайындоосун жазылышы керек.

  • Күжүрмөн транспорт каражаттары;

  • Байланыш каналдарынан маалымат тартып алуучу атайын техникалык жабдуулар, башка жашырын ыкма менен маалымат алуучу жабдуулар (микронаушниктер, брелок-камералар, камерасы менен коз айнектер, сааттар); укук коргоочу органдардын иши менен байланышкан буюмдар (радиоэлектрондук жана атайын техникалык жабдуулар).

  • Рамка-шторкелер, антипрослушка, антижучка жана башка ошол сыяктуу жабдуулар;

  • Активдүү жана пасивдүү коргоо жабдуулары (электршоктоогучтар, газбаллондор, газдык тапанчалар, желим ок аткан мылтыктар, жарык жана чуу чыгаруучу эффекттер, сигнал берүүчүлөр, желим токмоктор, кишендер), көздүн жашын чыгаруучу атайын укук коргоочу органдар колдонуучу жабдуулар.

  • Бажы конфискаты.

  • Секс кызматтар, проституция, интимга тиешелүү кызматтын баары, эротикалык массаж, тааныштыруулар

  • Хиджама

  • Медициналык препараттар, ветеринардык препараттар, башка дары-дармектер, кээбир биологиялык активдүү кошумчалар, стероиддер, анаболиктер, Виагра. Эгерде сиз БАД сатсаңыз, жарыянын баяндоосунда БАД экендигин тийиштүү көрсөтүү зарыл.

  • Адам баласынын органдары, донордук кызматтар (сатам/алам кан/сперма ж.б).

  • Суррогат энелик кызматар, эне сүтү.

  • Баардык уулар, ууктуруучу суюктар.

  • Түтүн атуучу шашкелер, пиротехника.

  • Бангизаттар жана алардын ордун алмаштыруучулар, аларды жассоодо колдоно турган өсүмдүктөр жана ингредиенттер. Галюциногендик өсүмдүктөр, козу каарындар жана алардан чыккан.

  • Кызыл китепке киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр.

  • Питомниктерде өстүрүлгөн, бирок Эл аралык Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү сатуу жөнүндө жарыялар жаныбардын/өсүмдүктүн туура жана толук аты менен, питомникти аты жана анын сайтына шилтеме менен коштолуш керек. Бул маалыматы жок жарыя сайтыбызга жайгаштырылбайт.

  • Киберспорт багытындагы товарлар жана кызматтар (оюн аккаунттары, оюндарга патчдар ж.б.).

  • Фильмдердин, музыкалардын, оюндардын легалдуу эмес копиялары.

  • Уурдалган мүлк жана контрабандалык товарлар.

  • Издөөдө жүргөн, документи жок транспорт каражаттары.

  • Мамлекеттик сыйлыктар (Улуу Атамекендик согушту түбөлүккө калтыруу сыйлыктары) – сатуу жана сатып алуу дагы.

  • Виртуалдык акчалар, аларды генерация кылуу үчүн программалар, шаймандар.

  • Чет элдик валюталар жана башка валюталык баалуулуктар (нумизматтык максаттар үчүн сатуу жана сатып алуудан сырткары).

  • Жасалма акчалар жана жасалма почто белгилери.

  • Үчүнчү жактарга ээ болгон акциялар жана башка баалуу кагаздар.

  • Жарактуу (жарак мөөнөтү өткөн) же ҝүчүндө бар мамлекеттик күбөлүктөр жана дүйнөдөгү баардык өлкөлөрдүн документтери (паспорттор, ID-карталар, айдоочулук күбөлүктөр, студенттик билеттер, зачет книжкалар, дипломдор, өткөрмөлөр, лицензиялар жана сыяктуулар).

  • Номердик белгилерди жасатуу жана сатуу (стандарттык, энчилүү, элиталык жана сыяктуу), автоунаанын пробегин артка түрдүрүү.

  • Расмий бланктар, катуу тартип отчеттуулук бланктары.

  • Спамердик базалар, санкциялаштырбаган жөнөтмөлөргө алып барган товарлар жана кызматтар, персоналдык маалыматтар бар базалар.

  • Мамлекеттик, банктык же коммерциялык сырлары бар материалдар.

  • Үчүнчү жактардын автордук жана чектеш укуктарын бузган буюмдар жана материалдар, товардык белигилерге жана патенттерге укуктар.

  • Жеке жашоодогу сырлар укуктарын бузган, жараандардын жана юридикалык жактардын намысына, абийрине, ишмердүүлүк репутациясына доо кетирген материалдар.

  • Алкоголдук ичимдиктер, этил спирт бар продукция.

  • Тамеки, тамеки продукциясы жана/же тамеки, тамеки жана никотин камтыган буюмдарды, жылытылуучу тамеки менен буюмдарды, тамекини жылытуу үчүн системаларды, никотинди жеткирүү электрондук системаларды (анын ичинде электрондук тамекилерди) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн жана башка тамеки тартуучу буюмдарды колдонуу.

  • Жарак мөөнөтү өткөн тамак аш продукттары.

  • Жоголуп кетүү коркунучу бар жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери жана терилердер жасалган буюмдар, туяктары.

  • Шектүү финансылык кызматтар жөнүндө маалыматтар (Мисалы, «Бир саатта кредит. Залог жана кепил берүүчүсүз»).

  • Алдамчылык, опузалап алуу, материалдык жардам көрсөтүү же башка бир колдоо көрсөтүү, алардын ичинде «спонсор издейм», «спонсор болом», «материалдык колдоо көрсөтөм», «материалдык колдоо керек», «коммерция» сыяктуу сунуштар жана суранычтар.

  • Универсалдуу ачкычтар (сырттан кирүү эшиктердин, түрлүү кулптардын).

  • Нацисттик символдорду чагылдырган буюмдар, ошондой эле тоталитардык же авторитардык режимдердин символдору бар товарлар, бул режимдер тарабынан аскердик агрессия, адамзатка каршы кылмыштар жана согуш кылмыштары үчүн колдонулган же колдонулуп жаткан буюмдар

  • Морждун, пилдин, мамонттун азуу тиши (буюмда эмес), буюмда эмес кымбат баалуу металлдар (сатуу, сатып алуу), түстүү металлдар  (сатуу), кымбат баалуу таштар (сатуу, сатып алуу).

  • Оккульттук тематика менен байланышкан (төл салуу, сатанизм, экстрасентер, ритуал, магия, сыйкырчылык жана сыяктуулар) жана ал боюнча адабияттар.

  • Жараанга же жараандардын топторго жалаа катары колдонуучу материалдар.

  • Нараазычылыктарга, иш таштоого чакырыктар, аукциондорго, лотереяларга катышуу жана сыяктуу сунуштар.

  • Анкеталык маалыматтар жана электрондук даректердин тизмеги.

  • Программалардын активаторчулары, лицензиялаштырбаган программалардын сунуштары.

  • Браконьерлердин шаймандары жана жабдуулары (электркайрмактар, торлор жана сыяктуулар) жана аларды жасатуу кызматтары.

  • Ички кийим, жана колдонулган купальниктер

  • ICQ, Skype, жана башка, мессенджерлер, электрондук почтанын даректери, социалдык каттоолор

 

Колдонуучу жүктөлгөн жарнаманын мазмуну үчүн жоопкерчиликти мойнуна алат жана тастыктайт, ошондой эле, Сервисте маалымат жүктөө үчүн керектүү болгон бардык укуктарга, лицензияларга, улуксааттарга ээ, ага кошумча бардык патенттерге, соода-сатык маркаларына, коммерциялык сырга, автордук укукка же болбосо  жарыяларда бардык идентифицирленген киши жана компаниялардын аталыштарын же сүрөттөрүн колдонуу үчүн талапка ылайык кат түрүндөгү макулдашууга, лицензияга же улуксааттарга ээ. Эгер Колдонуучу үчүнчү жактын укуктарын бузган болсо (ошондой эле, алар менен гана чектелбестен, үчүнчү жактын интеллектуалдык менчикке карата укуктарын бузган болсо) Колдонуучу мыйзамга ылайык жооп берет. 

 

LALAFO КЫЗМАТЫНЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ЭСКЕРТМЕ

Алдамчылардын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнени билүү зарыл

Интернет тармагы маалымат алмашуунун өтө ири каражаты болуп саналат жана ошол эле учурда кылмыштардын, анын акча каражатын алдап алуу же алдамчылыктын башка түрлөрү менен байланыштуу кылмыштардын тез өсүүсүн жаратууда.

Мисалы, сиздин акча же белек утуп алгандыгыңыз тууралуу билдирүүлөрдү алышыңыз мүмкүн. Кимдир бирөөнүн акчаларын башкарууңуз тууралуу же жардам туурасында өтүнүшү мүмкүн. Шектүү сунуш үчүн аванстык төлөмдү киргизүүнү сунушташы мүмкүн. Сиздин өздүк маалыматтарыңызды мисалы, банктык эсебиңиздин номурун, паспорттогу маалыматтарды же банктык картаңыздын маалыматтарын көрсөтүүнү суранышы мүмкүн,

Алдамчылардан өзүңүздү коргоо үчүн эң биринчи кезекте билим, көңүл коюучулук, туура ой жүгүртүү жана абалды кескин баалоо куткара алат. Ошондой эле ушул эскертмеде баяндалган эрежелерди сактоо дагы жардам берет:

  • Банктык карталардагы акча каражаттарын уурдоо. Банктык карта – эсептеги болгон каражаттарга кирүү жана төлөмдөрдү ишке ашыруу инструменти болуп саналат, бирок банктык карталарды колдонуунун жөнөкөйлүгү алдамчылыктын ар кайсы «схемасын» аларды эң алсыз звено кылат. Белгисиз кишилерге банктык картаңыздын реквизиттерин (жарамдуулук мөөнөтүн жана картанын арткы бетинде жайгаштырылган CVV кодун) маалымдабаңыз.
  • Алдын ала төлөө. Аванстык төлөмдөрдү жүзөгө ашырбаңыз. Келишим ынанымдуу туюлса дагы алдын ала төлөөнү жүзөгө ашыруу сунушталбайт. Сатуучу керек болсо сизге басым жасоосу мүмкүн, мисалы, кардарлардын көптүгүн айтып, сизге товарды резервге калтыруу үчүн алдын ала төлөм жүргүзүү керектигине сизди ишендирет. Эстүүлүк менен келишимди баалап, сатуучунун аргементтерине берилбеңиз. Сатуучу менен жоолугушуп, акчаны өз колуна берип, ошол эле учурда товарыңызды алыңыз. Эгерде сатуучу бөлөк шаардан болсо - андан кийин төлөө менен жеткирип берүү кызматынан пайдаланыңыз. Эгерде кызматты сатып ала турган болсоңуз,- этият болуңуз - кызмат көрсөткөн компанияны текшерип чыгыңыз, келишимдин таза жана аткаруучунун ак ниеттүүлүгүнөн ынанымдуу болуу үчүн башка аракеттерге чара көрүңүз, төлөм тууралуу тастыкталган документтерди алуу менен төлөмдөрдү жүзөгө ашырыңыз.
  • Персоналдык жана купуя маалыматтар. Ачык кирүүдө эч качан кандайдыр бир өздүк маалыматтарыңызды мисалы, сыр сөздөрдү, паспорттогу маалыматтарды, коддук сөздөрдү ж.б.у.с. ошондой эле сизге зыяны тийиши мүмкүн болгон маалыматты көрсөтүп жайгаштырбаңыз,
  • Жөнү жок төмөн баалар. Бекер быштак капканда гана болот дегенди унутпаңыз. Эгерде сиз абдан жагымдуу жарыяны тапкан болсоңуз, акча которууга шашылбаңыз. Көбунчө алдамчылар төмөндөтүлгөн баалар жана пайдалуу сунуштар менен курмандыктарын өздөрүнө тартышат, электрондук капчыкка акча каражаттарын котортуу аркылуу алдын ала төлөмду жөнөтүүнү талап кылышат. Аны жайгаштырган киши тууралуу маалыматты жана жарыяны тыкыр карап чыгуу керек. Интернет - издөөнү пайдаланыңыз. Кээде издөө деген тилкеге мисалы, мындай колдонуучунун мурда сатып алуучуларды алдагандыгын билүү үчүн колдонуучунун атын же анын телефон номурун жазуу гана жетиштүү болот,
  • Укмуш нерсени убада кылгандарга ишенбеңиз. Эгерди сизге «жеңил акча» же аракетсиз эле пайда табууну убада кылышса – сизди алдагысы келип жаткан сыяктуудай. Мисалы, сиздин лотореядан утуп алгандыгыңыз же сизге акчалай которуу жөнөтүүлөрү тууралуу айтышы мүмкүн, бирок сизден алар картаңыз тууралуу маалыматты же кандайдыр бир төлөмдү талап кылышат. Утушту алуу үчүн акча каражатын которуу боюнча кандай гана болбосун сунуштан этият болуңуз.
  • Lalafo кызматынан билдирүүлөр. Эгерде кыязы биздин кызматтан чалуу же билдирүү келсе, бирок айтылган сунуш же маалымат сизде шек туудурса – биздин кызматта жайгаштырылган байланыштар аркылуу биз менен байланышыңыз жана сиз менен биздин кызматкердин же өнөктөшүбүздүн байланышканын тактаңыз.
  • Үчүнчү кишилер.  Башка интернет баракчаларына шилтемелери бар билдирүүлөрдү алганда аларды ачууга же мындай билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн телефондордун номурлары боюнча чалууга ашыкпаңыз. Алдын ала ушул шилтемелер жана телефондордун номурлары же ушуларга байланыштуу мүмкүн болгон алдамчылык иштер тууралуу маалыматтардын Интернет тармагындагы издөө системаларында болуп болбогонун кылдат текшерип чыгыңыз.  Шилтеме боюнча кирип же көрсөтүлгөн телефонго чалып, өзүңүз байкабай, түзмөгүңүзгө вирус жуктуруп аласыз, акылуу кызматтарга катталып каласыз же телефонуңуздагы баланстан акча каражатын жоготуп алышыңыз мүмкүн. Эгерде бул сунуш сизге тааныш эмес же шек жаратып жатканындан ишенимдүү болсоңуз бул билдирүүнү өчүрүп салыңыз.

Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз алдамчылардын курмандыгы болгон болсоңуздар же сизге карата укукка каршы аракеттер пландалып жатканынан шекшисеңиз - тез арада милицияга кайрылыңыздар!