fb pixelЖарыялар сервисинин Акы төлөнүүчү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим-оферта lalafo.kg

АКЫЛУУ КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ-ОФЕРТА

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1.1.       Бул документ адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө даректелген, Эстония Республикасында катталган «Ялла Классифайдс» Жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары «Аткаруучу»)  ачык сунушу (мындан ары «Оферта») болуп саналат, ушул Офертада баяндалган шарттарда кызматтарды көрсөтүү жөнүндө Келишим (мындан ары «Келишим») түзүлөт.

1.2.       Ушул Келишим ачык келишим болуп саналат жана офертада баяндалган шарттарды (акцепти) кабыл алган учурда, жеке же юридикалык жак Келишим боюнча Буюртма берүүчү болот жана ушул Келишимдин жана анын ажырагыс бөлүгү болгон тиркемелеринин шарттарын аткарууга милдеттенет. Офертанын 4-пунктуна ылайык Буюртма берүүчү тарабынан аткарылган Офертанын акцепти Офертанын шарттарында Келишимди түзөт.

1.3.       Ушул Келишим боюнча Тапшырык ээси болуп https://lalafo.kg/page/user-agreement-and-privacy-policy-and-agreement-offer шилтемеси боюнча жайгашкан Пайдалануучу макулдашуусу менен каралган шарттарда, ошондой эле ушул Келишимде сүйлөшүлгөн шарттарда  Акылуу кызматтарга тапшырык берген Сервис Пайдалануучусу эсептелет.

Ушул Келишим боюнча Тапшырык ээлери болуп Пайдалануучулар – кызматтар үчүн накталай эмес жол менен түздөн-түз Аткаруучунун алыш-бериш эсебине мындай Тапшырык ээлери жана Аткаруучу арасында өзүнчө түзүлгөн жеке келишимдер боюнча төлөм жүргүзгөн жеке ишкерлик субъекттери саналбайт.

Мыйзамга ылайык Келишимди түзүүдө чектөө коюлган жак Буюртма берүүчү боло албайт (анын ичинде, жалаң гана чарба иштерин жүргүзүүгө тийиштүү чектөөлөрү бар жактарга эмес).

1.4.       Оферта аны Интернет тармагына https://lalafo.kg/page/user-agreement-and-privacy-policy-and-agreement-offer шилтемеси боюнча жайгаштырган учурдан тартып күчүнө кирет жана Офертаны Аткаруучу тарабынан чакыртып алганга чейин аракет кылат. Алуучу тарабынан алынган оферта Аткаруучу тарабынан каалаган убакытта чакыртылып алынышы мүмкүн.

1.5.       Аткаруучу Офертанын шарттарына (анын ичинде тарифтердин баасы жана баяндамасына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана/же өз каалоосу боюнча Офертаны каалаган учурда чакыртып алуу боюнча укуктарды өзүнө калтырат.Офертага Аткаруучу тараптан өзгөртүүлөр киргизилген учурда, эгерде мындай жайгаштырууда өзгөртүүлөрдүн күчүнө кирүүсү боюнча башка мөөнөт каралбаган болсо, мындай өзгөртүүлөр Офертанын өзгөртүлгөн тексти Интернет тармагына ушул Келишимдин 4-п. көрсөтүлгөн дарек боюнча жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет.

1.6.       Ушул Келишимде көрсөтүлбөгөн бардык башка терминдер https://lalafo.kg/page/user-agreement   шилтемеси боюнча жайгашкан Колдонуучунун макулдашуусуна, мыйзамдарга же ишкер кызмат салттарына ылайык чечмеленет.

 

2. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ

 

2.1.      Ушул Келишим менен аныкталган тартипте жана шарттарда Аткаруучу Тапшырык ээсине ушул Келишимдин 2.2. пунктчаларында аныкталган акылуу кызматтарды көрсөтөт (андан ары биргеликте – “Кызматтар” же “Акылуу кызматтар”), ал эми Тапшырык ээси Аткаруучуга көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алып, төлөп берүүнү милдеттенет.

2.2.      Ушул Келишим боюнча кызматтар Аткаруучу тарабынан биргеликте жана/же өз-өзүнчө көрсөтүлөт жана өзүнө Тапшырык ээсинин материалдарын жайгаштыруу  жана иштетүү,  ошондой эле Акылуу кызматтарды көрсөтүү (активдештирүү), тактап айтканда төмөнкү максаттарда Тапшырык ээсинин Интернет тармагы аркылуу Сервиске кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну камтыйт:

2.2.1.          Буюртмачыга «Тездетүү» кызматын түзүүгө жана тариздөөгө (активдештирүүгө) кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү. «Тездетүү» (Acceleration)  кызматынын жардамы менен Буюртмачы өзүнүн Жеке кабинетинде (аккаунтунда) Капчыкты толуктап, Сервистин тиешелүү категорияларында деңгээлдерди жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот жана ошол эле учурда өзүнүн товарларын жана/же кызматтарын Жарнамалоо («илгерилетүү») үчүн колдоно ала турган кошумча мүмкүнчүлүктөрдү (сыйлыктарды) алат. «Тездетүү» кызматын көрсөтүүнүн толук сүрөттөлүшү, ошондой эле башка шарттары Колдонуучунун Жеке кабинетинде (аккаунтунда) жайгаштырылат жана ошондой эле Сервистин башка баракчаларында жайгаштырылышы мүмкүн же Сервисте көрсөтүлгөн байланыш боюнча Администрация тарабынан кошумча түрдө берилиши мүмкүн. Кызматтын баасы Буюртмачынын (Колдонуучунун) Жеке кабинетинде (аккаунтунда), ошондой эле Сервистин башка баракчаларында жайгаштырылган тарифтерге ылайык белгиленет.

2.2.2.          Түрлөрү жана сыпатталышы https://lalafo.kg/page/paid-features шилтемеси боюнча жарыяланган  же Сервистин башка барактарында жайгашкан башка акылуу кызматтарды активдештирүү. Башка акылуу кызматтардын баалары Тапшырык ээсинин (Пайдалануучунун) Жеке кабинетинде (аккаунтунда), ошондой эле Сервистин башка барактарында жайгаштырылган тарифтерге ылайык аныкталат.

2.2.3.          Сервисте жарнаманы жайгаштыруу(мындан ары – «жарнамалык кызматтар»). Жарнамалык кызматтардын баасы https://lalafo.kg/advertising шилтемеси боюнча жарыяланган тарифтерге ылайык  аныкталат.

* Сервис тарабынан “Бизнес-профиль” кызматынын ордуна “Тездетүү“  кызматы ишке киргизилип жатат. Мындан ары Сервис тарабынан “Бизнес-профиль” кызматы көрсөтүлбөйт. “Тездетүү“  кызматы ишке киргизилгенге чейин “Бизнес-профиль” кызматы активдештирилген Сервистин бардык колдонуучулары үчүн “Бизнес-профиль” кызматы аталган кызмат кошулган бүткүл мөөнөт ичинде активдүү болот.

2.3.      Тапшырыкчы ушул Офертада баяндалган шарттарга макул болот жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп, https://lalafo.kg/page/user-agreement-and-privacy-policy-and-agreement-offer шилтемесинде жайгаштырылган «Пайдалануучулук макулдашууну» жана https://lalafo.kg/page/how-to-sel шилтемесинде жайгаштырылган «Маалыматты жайгаштыруунун эрежелерин» аткарууга милдеттенет. Эгерде Пайдалануучулук макулдашууга же Маалыматты жайгаштыруунун эрежелерине Тапшырыкчы тарабынан Офертаны акцептөөдөн кийин өзгөртүүлөр киргизилсе, анда Тапшырыкчы ушул Келишимди бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу. Эгерде Тапшырыкчы Сервистин кызматтарынан пайдаланууну уланта берген учурда, ал Пайдалануучулук макулдашууга же Маалыматты жайгаштыруунун эрежелерине киргизилген бардык өзгөртүүлөрдгө макул болот жана кабыл алат.

2.4.      Кызматтардын аталышы, көлөмү, баасы жана башка шарттары Аткаруучу тарабынан Буюртмачы менен алдын ала макулдашылбастан өзгөртүлүшү мүмкүн, ал жөнүндө Аткаруучу Сервистин тиешелүү барактарында көрсөтөт. Эгерде кандайдыр-бир кызматтарды кошкондон кийин анын шарттары өзгөрүлүп, Буюртмачы бул жаңы шарттар менен макул болбосо, ал Буюртмачы ушул Келишимде каралган тартипте жана шарттарда активдештирилген кызматты алуудан баш тартууга укуктуу.

2.5.      Ушул Келишим боюнча Кызматтарды көрсөтүү үчүн отчеттук мезгил болуп календарлык ай эсептелет.

 

3. АКЫЛУУ КЫЗМАТТАРДЫН БААСЫ ЖАНА ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫ. КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН БАШКА ШАРТТАРЫ

 

3.1.      Аткаруучунун ушул Келишим боюнча Акылуу кызматтарынын баасы ушул Келишимдин 2.2. пунктунун 2.2.1 - 2.2.3 пунктчаларына ылайык Тапшырык ээси тарабынан тандалган тарифтерди эске алуу менен аныкталат. Бул учурда, Аткаруучу бир тараптуу тартипте же ушул Келишимдин Тараптарынын ортосундагы  кошумча макулдашуу боюнча Тапшырыкчыга аракеттеги тарифтерге жеӊилдетүүлөрдү жана/же бонустарды берүүгө укукка ээ болот.

3.2.      Аткаруучунун Кызматтарынын баасы бардык салыктарды жана жыйымдарды өзүнө камтыйт.

3.3.      Ушул Келишимдин шарттарына ылайык Акылуу кызматтар кызматтардын наркынан 100% (жүз пайыз) өлчөмүндө алдын ала төлөм жүргүзүү шарттарында, эгер башкасы Тараптар менен макулдашылбаса, көрсөтүлөт.

3.4.      Кызматтар үчүн төлөм Сервис кызматташкан төлөм системалары (банк карталары (VISA, Mastercard), төлөм терминалдары, электрондук жана мобилдик капчыктар) аркылуу жүргүзүлөт. Төлөм ыкмалары тууралуу толук маалымат ошондой эле Сервистин төлөм ыкмалары тууралуу барактарында жайгаштырылган же Сервисте көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары боюнча Администрация тарабынан берилиши мүмкүн. Төлөм ыкмалары өзгөрүлүшү мүмкүн.

Администрация Кызматтарга төлөөнүн кошумча эрежелерин белгилөөгө укуктуу, алар төмөнкүдөй, бирок чектелбестен, Сервистин белгилүү бир барагынан Кызматка төлөө же өзгөчө эрежелер/төлөм процедуралары ж.б.у.с.

3.5.      Төлөө күнү болуп, Аткаруучунун эсебине акча каражаттарынын түшүү күнү эсептелинет.

3.6.      Аткаруучунун кызматтары үчүн   ортомчулар (төлөм системалары, банктар жана башка субъекттер сыяктуу) аркылуу төлөм жүргүзүүдө  мындай ортомчулар үчүнчү жактар болуп эсептелет жана  төлөмдү иштетүү, каражаттарды эсепке киргизүү үчүн комиссиялар сыяктуу кошумча комиссияларды же башка ортомчу төлөмдөрүн алыш мүмкүн. Бардык мындай кошумча комиссиялар жана төлөмдөр, анын ичинде валюталарды конвертациялоодо пайда болгон төлөмдөр Тапшырык ээси тарабынан төлөнөт.

3.7.      Акы төлөнүүчү кызматтар үчүн акы төлөө Колдонуучунун Келишиминин 3-бөлүмүндө баяндалган Акы төлөнүүчү кызматты автоматтык түрдө узартуунун шарттарында (Колдонуучунун Капчыгынын балансындагы каражаттарды эсептен чыгаруу аркылуу же "Жазылуу" кызматынын шарттарында) жүргүзүлүшү мүмкүн.

3.8.      Акылуу кызматтар Аткаруучу тарабынан Тапшырык ээсине кызматтар үчүн  тийиштүү тарифтерде аныкталган мөөнөттөрдө көрсөтүлөт.

3.9.      Эгерде Тапшырыкчы Аткаруучуга кызматтар көрсөтүлгөн айдан кийинки календарлык айдын 5-күнүнө чейин кызматтарды көрсөтүүнүн сапаты же мөөнөттөрүнө карата жүйөлүү дооматтарды көрсөтпөсө, мындай кызматтар Тапшырыкчы тарабынан толук көлөмдө кабыл алынган болуп эсептелет, андан ары мындай кызматтардын сапаты жана мөөнөттөрү боюнча бардык дооматтар кабыл алынбайт жана мындай кызматтар талаптагыдай сапатта жана талаптагыдай түрдө көрсөтүлгөн деп эсептелет.

Кызмат көрсөтүүнүн сапаты боюнча Аткаруучуга бардык арыздарды ушул шилтеме боюнча көрсөтүлгөн байланыштарга берсе болот: https://lalafo.kg/contacts.

3.10.      Көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу-өткөрүү актылары, эсептер жана эсеп-фактуралары жалгыз гана жеке ишкердик субъекттери  болгон  Тапшырык ээлерине жана кызматтар үчүн түздөн-түз Аткаруучунун алыш-бериш эсебине накталай эмес жол менен жана мындай Тапшырык ээлери менен түзүлгөн өзүнчө келишимдер боюнча, ошондой эле  төлөм сервистеринин кызматтарын жана Сервистин контролдук-кассалык машинасын колдонбостон төлөм жүргүзгөн учурда гана берилет.  Башка учурларда  көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу-өткөрүү актылары Аткаруучу тарабынан берилбейт. Өзүнчө жеке келишимди түзүүдө бул Келишимдин шарттары Тапшырык ээсине жайылбайт жана өзүнчө түзүлгөн жеке келишим боюнча Аткаруучунун Кызматтарынын баасы бардык төлөөгө зарыл болгон салык жана жыйымдар суммасына көбөйөт.

3.11.Башка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр Колдонуучу тарабынан Колдонуучунун жеке кабинетиндеги (аккаунтундагы) тиешелүү баскычты басуу менен токтотулушу мүмкүн. Ошондой эле, башка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жарыя кабыл алынбаганда же деактивдештирилгенде, жарыя башка категорияга которулганда, дагы айрым башка учурларда автоматтык түрдө токтотулушу мүмкүн. Ошол эле учурда пайдаланылбаган каражаттардын калдыгы Колдонуучунун капчыгында көрсөтүлөт.

 

4. ОФЕРТАНЫН АКЦЕПТИ ЖАНА КЕЛИШИМДИ ТҮЗҮҮ

 

4.1.      Тапшырыкчы Офертанын акцептин жүргүзөт жана Келишимдин 3.3. п. ылайык Аткаруучунун кызматтарын алдын ала төлөө жолу менен ушул Келишимди түзөт.

 

5. КЕЛИШИМДИН АРАКЕТ МӨӨНӨТҮ ЖАНА КЕЛИШИМДИ ӨЗГӨРТҮҮ

 

5.1.      Келишим Офертаны Тапшырыкчы тарабынан акцептөө күнүнөн тартып күчүнө кирет жана:

а)               Келишим боюнча Тараптардын милдеттенмелери толук аткарылганга чейин, же

б)               Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузганга чейин.

 

6.КЕЛИШИМДИ БУЗУУ

 

6.1.       Келишим төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн:

6.1.1.          Тараптардын макулдашуусу боюнча каалаган убакта;

6.1.2.          Кайсы болбосун Тараптын демилгеси боюнча башка Тарап Келишимдин шарттарын бузган учурда башка Тарапка кат жүзүндөгү кабарландырууну жиберүү менен. Мындай учурда Келишим дин шарттарын бузган Тарап башка Тараптын тиешелүү кат жүзүндөгү кабарландыруусун алган учурдан баштап Келишим токтотулган деп эсептелет.

6.1.3.          Кайсы болбосун Тараптын демилгеси менен башка Тарапты Келишимди мындай бузууга чейин 5 (беш) жумушчу күн мурда кат жүзүндө кабарландыруу шартында.

6.1.4.          Ушул Келишимде же мыйзамдарда каралган башка учурларда.

6.2.      Акылуу кызматтарын төлөгөн сервистин колдонуучусу, төлөнгөн кызматтар аткарылбаган учурда, администрацияга төлөнгөн каражаттарды артка кайтарып берүү боюнча талабы менен кайрылууга укугу бар. Адмимнистрация төлөм каражыттарын төмөнку учурларда гана кайтарат:

6.2.1.         Тапшырык ээси же Аткаруучу тарабынан келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу демилгеси болгон учурда, Аткаруучу Тапшырык ээсине төлөнгөн каражаттардан калган, бирок аткарылбаган кызматтары учун каражаттарды гана кайтарып берет (Бул келишим Тапшырык ээси тарабынан Пайдалануучу Макулдашуусу жана Келишим милдеттерин бузбаган учурда гана аткарылат, Пайдалануучунун Макулдашуусу https://lalafo.kg/page/user-agreement-and-privacy-policy-and-agreement-offer).

6.2.2.          эгерде кызмат Сервистин иштөө учурунда пайда болгон техникалык себептер менен көрсөтүлбөй калса;

6.2.3.          Акылуу кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим-офертасы менен каралган учурларда же Сервис жана Тапшырык ээси арасында түзүлгөн өзүнчө жеке келишимдер менен каралган шарттарда.

6.2.4.          Администрациянын чечими боюнча башка жекече учурларда.

Акча каражаттарын кайтаруу тартиби ар бир айкын учурларда Администрация жана Пайдалануучу (Тапшырык ээси) тарабынан аныкталат.

6.3.      Администрация Пайдалануучуга акча каражаттарын төмөнкү учурларда кайтарып берүүдөн баш тартууга укуктуу, эгерде:

6.3.1.          Пайдалануучу ушул Макулдашуунун шарттарын системалуу түрдө бузса.

6.3.2.          Эгерде кызмат активдештирилген, анын ичинде жарыя модерациядан кийин алынып салынган учурларда.

6.3.3.          Пайдалануучу тыюу салынган Товарлар тууралуу жарыяны жайгаштырды.

6.3.4.          Эгерде төлөм системасында кандайдыр-бир бузулуулар пайда болгон учурда. Пайдалануучулар Сервистин кызматтарына ал аркылуу төлөп жүргөн төлөм системаларынын иши боюнча Сервис жоопкерчиликтүү болбойт. Мындай учурларда акча каражаттарын кайтаруу маеселеси жеке тартипте чечилет.

6.3.5.   Башка учурларда Администрациянын чеими боюнча.

6.4.      Келишим Тараптардын макулдашуусу боюнча токтотулушу мүмкүн.

 

7.КЕПИЛДИКТЕР

 

7.1.       Аткаруучу ушул Келишимди түзүүгө жана аткарууга зарыл болгон бардык укуктарга жана ыйгарым укуктарга ээ экендигине кепилдик берет.

7.2.       Тапшырыкчы өзү тарабынан Аткаруучуга берүүчү бардык маалыматтык материалдар жарнама жөнүндө, автордук укук жана аралаш укуктар жөнүндө, монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын кошо, ак ниет эмес атаандаштык тан коргоо жөнүндө жана экономикалык атаандаштыктан коргоо жөнүндө мыйзамдарды кошо аракеттеги мыйзамдардын талаптарына ылайык келе тургандыгын кепилдейт жана тастыктайт. Тапшырыкчы маалыматтык материалдар мыйзамдарга ылайык бардык зарыл болгон материалдарды камтый тургандыгын, ошондой эле маалыматтык материалдарды жайгаштыруу, мазмуну жана формасы аракеттеги мыйзамдардын башка талаптарына шайкеш келе тургандыгын кепилдейт жана тастыктайт. Тапшырыкчы ушул пунктту бузуудан келип чыккан чыгашаларды (чыгымдар, зыян) толук көлөмдө жана Аткаруучу көрсөткөн мөөнөттөрдө ордун толтурууга милдеттенет.

7.3.       Ушул Келишимди акцептөө жолу менен анын шарттарына макул болуп жана кабыл алып, Тапшырыкчы Аткаруучуну ишендирет жана Тапшырыкчы Аткаруучуга төмөнкүлөр боюнча кепилдик берет:

7.3.1.          пайдалануучу катары каттоодон өтүүдө жана кызматтарды төлөөгө төлөм документтерин толтурууда анык маалыматты бергендигин;

7.3.2.          ушул Келишимди ыктыярдуу түзгөндүгүн;

7.3.3.          ушул Келишимдин шарттары менен толук таанышкандыгын жана предметин толук түшүнгөндүгүн;

7.3.4.          Пайдалануучулук макулдашуунун шарттары менен толук таанышкандыгын, ошондой эле аны жана Сервисте жайгаштырылган башка эрежелерди кабыл ала тургандыгын жана макулдугун;

7.3.5.          Келишимди түзүү жана аткаруу үчүн бардык укуктар жана ыйгарым укуктарга ээ экендигин;

7.3.6.          Ал Сервисте жайгаштырган объектилерге карата интеллектуалдык менчиктин бардык укуктарына ээ экендигине (товарлар жана кызматтар үчүн белгилер, автордук укуктун объектилери, өнөр жайлык үлгүлөр ж.б.)

 

8. АТКАРУУЧУНУН УКУКТАРЫ

 

8.1.          Аткаруучу төмөнкүлөргө укуктуу:

8.1.1.          зарыл болгон учурда Буюртмачынын алдындагы Келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн толук түрдө жооптуу бойдон калуу менен Келишимдин аткарылышын үчүнчү тарапка берүүгө;

8.1.2.          Ушул Келишимде, Сервистин пайдалануучулук макулдашуусунда, Сервисте көрсөтүлгөн Буюртмачынын маалыматтык материалдарын жайгаштыруу эрежелеринде каралган учурларда, ошондой эле мыйзамдарда же колдонулуучу эрежелерде каралган башка учурларда Буюртмачыга кабар бербестен, Акы төлөнүүчү кызматты башкарууну жүзөгө ашырууга.

8.1.3.          Буюртмачы тарабынан “Жарнама жөнүндө” мыйзамдарды же башка мыйзамдарды сактабашында жана/же үчүнчү тараптын укуктарын, ошондой эле Келишим боюнча Буюртмачы тарабынан өзүнө алынган милдеттенмелерди бузган учурда кызмат көрсөтүүсүн токтотууга;

8.1.4.          Буюртмачыга Акы төлөнүүчү кызматты активдештирүүдөн баш тартууга же Акы төлөнүүчү кызматты өчүрүүгө, ошондой эле төмөнкүдөй учурларда материалдарды жайгаштыруу үчүн кабыл албоого:

8.1.4.1. эгерде Буюртмачы (Буюртмачынын кардарлары) берген маалыматтык материалдар үчүнчү тараптын эрежелерине жана талаптарына жооп бербеген учурда;

8.1.4.2. үчүнчү тараптар тарабынан автордук жана башка укуктардын бузулушу туурасында доо-талаптар берилген учурларда;

8.1.4.3. Буюртмачынын Аткаруучу тарабынан суралган документтерди же маалымат материалдарына тиешелүү маалыматты берүүдөн баш тарткан учурунда;

8.1.4.4. Буюртмачы Аткаруучунун кызматынын төлөм мөөнөттөрүн бузган учурда;

8.1.4.5. Эгерде Буюртмачынын маалыматтык материалдары каалаган адамга карата бирөөнү кемсинткен, кордогон, басмырлаган же каалаган башка адепсиз мүнөздө болсо жана/же  маалыматтык материалдар каалаган үчүнчү тараптын укуктарын бузган учурда, ошондой эле абийирсиз, анык эмес, алдын ала жалган же башка жөнсүз, Келишимдин жана/же мыйзам талаптарындагы шарттарга ылайык келбеген маалыматты камтыган учурда;

8.1.4.6. Келишимде жана/же мыйзамдарда каралган башка учурларда.

8.1.5.          Буюртмачыдан жарнама материалдарын даярдоо боюнча маалыматты, документтерди, түшүндүрүлмөлөрдү, тактоолорду, нускамаларды талап кылып алууга.

8.1.6.          Келишим мөөнөтүнүн ичинде (А) Жайгаштыруунун эрежелеринде, (В) Сервистин колдонуучусунун макулдашуусунда каралган, (С) мамлекеттик органдардын аларды милдеттүү түрдө аткарууга тийиш жазма буйруктарын, (D) автордук укук ээлеринен ал укуктары бузулуусу туурасында кайрылууларды алган учурларда, (E) Келишимде жана/же мыйзамдарда каралган башка учурларда тосмолоого, өчүрүүгө же маалыматтык материалдарга жеткиликти чектөөгө.

8.1.7.          Зарыл болгон учурда Аткаруучу Буюртмачыга жарнаманын жана/же маалыматтык материалдардын колдонуудагы мыйзамдарга туура келиши боюнча сунуш мүнөзүндөгү кеңеш кызматын көрсөтө алат, бирок милдетүү эмес. Аткаруучунун сунуштары Буюртмачы үчүн милдетүү эмес жана Буюртмачы тарабынан өз жоопкерчилигинде кабыл алынат. Аткаруучу Буюртмачы тарабынан Администрациянын сунуштарын аткарылганы жана алардын натыйжалары үчүн жооп бербейт;

 

9. ЖООПКЕРЧИЛИК ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ЧЕКТӨӨ

 

9.1.       Ушул Келишимдин шарттарын бузганы үчүн Тараптар Келишимде жана/же колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

9.2.       Тапшырыкчы төмөнкүлөр боюнча толук жоопкерчиликте болот:

9.2.1.          мыйзамдардын бардык талаптарын, анын ичинде жарнама жөнүндө, интеллектуалдык менчик укуктарын жөнгө салуучу, экономикалык атаандаштыкты коргоо жөнүндө мыйзамдардын (ушулар менен гана чектелбестен) талаптарын сактоого;

9.2.2.          маалыматтык материалдардын мазмунуна жана формасына, шилтеме берилген жарнаманын объектисинин түйүндүү сөздөрдү тандоого,(анын ичинде, Тпашырыкчынын жана/же анын кардарынын веб-сайтынын домендик атына) карата, анын Тапшырыкчы же үчүнчү жактардын өкүлү катары  аткаруучу  башка аракеттерге, интеллектуалдык менчиктин объектилерине укуктарды бузууга, ошондой эле маалыматтык материалдарга же жарнаманын объектисине кошулган үчүнчү жактардын автордук укуктарына, маалыматтык анык эместигине, маалыматтык материалдардын мазмунундагы каталар жана так эместиктерге,маалыматтык материалдардын анык эместигине жана маалыматтык материалдарда ак ниет эмес атаандаштыкка жол берүүгө, эгерде маалыматтык материалдар же жарнама объектиси кайсы болбосун жактарга карата шылдыӊдоочу, ыза кылуучу, дискриминациялык же кайсы болбосун башка адепсиз мүнөзгө ээ болсо, жана/же маалыматтык материалдар же жарнама объектиси кайсы бобосун үчүнчү жактардын жана /же кайсы болбосун мамлекеттин укуктарын бузса, ошондой эле ак ниет эмес, алдын ала жалган же бардык башка ылайыксыз жарнаманы алып жүрсө;

9.2.3.          Тапшырык ээси тарабынан Сервисте пайдалануучу катары каттоодо көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы жана Офертанын 7-пунктунда камтылган Тапшырык ээсинин кепилдиктеринин жана ынандырууларынын аныктыгы;

9.2.4.          Тапшырыкчы тарабынан тартылган үчүнчү жактардын (Тапшырыкчынын кардарлары жана башка үчүнчү жактардын) аракеттери (аракетсиздиги) үчүн;

9.3.       Тапшырыкчы өз күчү менен жана өз эсебинен жайгаштырылган маалыматтык материалдарга карата үчүнчү жактардын чыр-чатактарын чечүүгө, дооматтарын жөнгө салууга же Аткаруучуга же мамлекетке Тапшырыкчынын маалыматтык материалдарын жайгаштырууга тиешелүү болгон үчүнчү жактардын дооматтары жана доолоруна байланыштуу келтирилген чыгашаларынын ордун толтурууга (чыгымдарды, зыянды. Жазапул санкцияларын, коромжуларды, соттук коромжуларды кошо) милдеттенет.

9.4.       Ушул Келишим боюнча Аткаруучунун Тапшырыкчынын алдында болгон жоопкерчилиги Аткаруучу тарабынан талаптагыдай эмес сапаттагы Кызматтарды көрсөткөнүгүнө же көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу зыяндын ордун толтуруу жөнүндө кийинкиси талаптарды койгон учурда, Тапшырыкчынын документтер менен тастыкталган зыяндарынын көлөмү менен мыйзамдарына ылайык суммада чектелет.

9.5.       Кандай болгон учурда дагы Аткаруучу Тапшырыкчыга фактылык көрсөткөн кызматтардын наркын кайтарып бербейт.

9.6.       Тапшырыкчы Аткаруучунун кызматтарынын жардамы менен алууга ниеттенген экономикалык, финансылык же башка натыйжага жетпей же албай калгандыгына Аткаруучу жооп бербейт. Кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжасынын Тапшырыкчы күткөн жана Аткаруучунун кызматтарынын жардамы менен алууну каалаган натыйжасына шайкеш келбегендиги мындай кызматты көрсөтпөө жана /же талаптагыдай эмес сапаттагы кызматты көрсөткөндүктүн фактысы болуп эсептелбей тургандыгын Тапшырыкчы түшүнөт жана мойнуна алат.

 

10. БАШКА ШАРТТАР

 

10.1.       Аткаруучу тарабынан Тапшырыкчыга кызматтарды көрсөтүү процессинде түзүлүшү мүмкүн болгон, Аткаруучу тарабынан Тапшырыкчыга жеткиликтүүлүгү түзүлгөн бардык материалдар Аткаруучунун интеллектуалдык менчигинин укуктарынын объектилери болуп эсептелет жана Аткаруучуда сакталат.

10.2.       Ушул Офертаны (Офертанын акцептин) кабыл алуу менен, Тапшырыкчы Сервисти пайдаланууда берген өзүнүн жеке маалыматтарын, анын ичинде телефондордун номурларын, электрондук почтасынын дарегин, анын ичинде топтоону, системалаштырууну, чогултууну, сактоону, тактоону (жаӊыртуу, өзгөртүү), пайдаланууну, таркатууну (анын ичинде трансчегаралык өткөрүүнү), жеке маалыматтарды таандыксыздандырууну, тосмолоону, жок кылууну кошо, ошондой эле аларды Аткаруучунун контрагенттерине мындан аркы иштетүү максатында (топтоону, системалаштырууну, чогултууну сактоону, тактоону (жаӊыртуу, өзгөртүү), пайдаланууну, таркатууну (анын ичинде жеке маалыматтарды трансчегаралык өткөрүүнү кошо) таандыксыздандырууну, тосмолоону, жок кылууну кошо кызматтардын сапатын жакшыртуу, маркетингдик программаларды, статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана ошондой эле Тапшырыкчы менен тике байланыштарды байланыштын ар кандай каражаттарынын, почталык жөнөтүүлөрдүн, электрондук почтанын, телефондун, факсимилдик байланыштын, Интернет тармагынын жардамы менен жүргүзүү үчүн Аткаруучуга иштетүүгө макулдугун жана руксатын берет. Тапшырыкчы маалыматтар базаларын башкаруунун автоматташтырылган системаларынын, ошондой эле Аткаруучунун тапшырмасы менен атайын иштелип чыккан башка программалык каражаттардын жардамы менен Аткаруучуга жана Аткаруучунун контрагенттерине Тапшырыкчынын жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдугун жана руксатын берет.

10.3.       Тапшырыкчы Келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттенмелерин үчүнчү жактарга Аткаруучунун кат жүзүндөгү макулдугусуз өткөрүп берүүгө укугу жок.

10.4.       Ушул Келишимден же ага байланыштуу келип чыгуучу бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет. Эгерде талашты сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбосо, анда Эстониянын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет. Ушул Келишимден келип чыккан бардык талаш-тартыштарда Эстониянын мыйзамдары колдонулат.