Конфиденциалдуулук саясаты
1.1. Ушул Конфиденциалдуулук саясаты http://lalafo.kg/ Сервисинин Пайдалануучулук Макулдашуусунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
1.2. Ушул Конфиденциалдуулук саясаты Пайдалануучунун жеке маалыматтарынын алуунун, сактоонун, пайдалануунун, ачуунун жана коргоонун тартибин аныктайт.
1.3. Пайдалануучулардын жеке маалыматтарынын базасы Администрациянын дареги боюнча турат.
1.4. Жеке маалыматтардын Базасынын тескөөчүсү болуп «ЯЛЛА КЛАССИФАЙДС» (YALLA CLASSIFIEDS OÜ Жоопкерчилиги чектелген коомдун Администрациясы эсептелет.
1.5. Жарыяны публикациялоо үчүн же Пайдалануучуну Сервисте каттоодон өткөрүүдө же таратууга кол койууда, ошондой эле Сервисти пайдалануунун башка учурларында форманы толтурууда Пайдалануучу Администрацияга маалымдарды жана жеке маалыматтарды берет. Маалыматтарды топтоо ошондой эле Сервисти Пайдалануучуларды сурамжылоону жүргүзүү жолу менен дагы ишке ашырылышы мүмкүн. Пайдалануучулардын сурамжылоодо катышуусу Пайдалануучулардын макулдугу менен жүргүзүлөт.
1.6. Пайдалануучу өз бетинче жана ыктыярдуу түрдө Сервискеөзү жөнүндө жеке маалыматты жана башка бардык маалыматты берүү чечимин кабыл алат жана ошону менен Администрацияга мындай жеке маалыматтарды иштетүүгө, аларды иштетүү үчүн башка Пайдалануучуларга жана/же Администрациянын тапшырмасы мененүчүнчү жактарга иштетүү үчүн өткөрүп берүүгө макулдугун билдирет.
1.7. Жеке маалыматты иштетүү болуп, жеке маалыматтарды топтоо, каттоо, чогултуу, сактоо, ылайыкташтыруу, өзгөртүү, жаӊыртуу, пайдалануу жана таркатуу (таркатуу, ишке ашыруу, өткөрүп берүү, анын ичинде чет өлкөгө) жана анын ичинде маалыматтык системаларды (автоматташтырылган) колдонуу менен жок кылуу эсептелет.
1.8. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун максаттары, анын ичинде:
1.8.1. келишимди түзүү жана аткаруу, ошондой эле Сервис кызматтарын көрсөтүү жана жакшыртуу. Белгилүү бир маалыматтардын чогултулушу Сервис Пайдалануучулук макулдашууга ылайык өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин аткара алуусу (Пайдалануучулук макулдашууга ылайык Администрация тарабынан кызматтардын көрсөтүлүшү), Пайдалануучулук макулдашууну, ушул Купуялуулук саясатын же башка саясаттарды аткарууну камсыз кылуусу үчүн зарыл.
Мисалы, Сервис идентификациялоо жана бири-бири менен баарлашууну камсыздоо максатында Колдонуучулар башка Колдонуучуларга өз аккаунттарында көрсөткөн аттарды жана телефон номерлерди колдонот.
Эгерде Колдонуучу өзүнүн уюлдук телефон номери же электрондук почта идентификатору менен кирсе, Сервис аны Колдонуучу катары идентификациялоо жана ага Сервиске кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн Колдонуучунун атын, уюлдук телефонунун номерин же электрондук почта дарегин колдонот.
Эгерде Колдонуучу системага өзүнүн Facebook же Google каттоо эсеби аркылуу кирсе, Сервис Колдонуучуну идентификациялоо жана Колдонуучуга Сервиске кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн Facebook же Google каттоо эсебиндеги атын жана электрондук почта дарегин, ошондой эле профилиндеги URL сүрөтүн колдонот.
Колдонуучунун жеке маалыматтарын текшерүүдө Администрация алдамчылыкты текшерүү жана анын алдын алуу үчүн зарыл болгон Колдонуучунун бардык маалыматтарын, анын ичинде, мисалы, аккаунтка берилген атты, фамилияны жана электрондук почта дарегин, жашаган жеринин дарегин, идентификациялык номерин, Колдонуучунун жеке документтеринин маалыматтарын сурай алат. Колдонуучуну текшерүү, айрыкча, администрация Пайдалануучулук макулдашууга ылайык өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин аткарышы үчүн эле эмес, мисалы, Колдонуучу Пайдалануучулук Келишиминин “Жалпы жоболор” бөлүмүндө сүрөттөлгөндөй Колдонуучу экенин тастыктоо үчүн керек.
Сервис ошондой эле өз кызматтарын жакшыртуу жана жөндөө, ошондой эле колдонуучуларга кызматтарды жакшыртуу максатында сервистин мыйзамдуу кызыкчылыктарына жетүү үчүн колдонуучу жөнүндө маалыматты колдоно алат. Сервис дайыма кызматтарды акылдуураак, тезирээк, коопсузураак, интеграцияланган жана колдонуучуларга пайдалуу кылуунун жолдорун издейт.
Мисалы, Администрация Сервисти колдонууда издөөнүнүн мыкты натыйжаларын сунуштоо үчүн Колдонуучунун активдүүлүгү жөнүндөгү маалыматтарды колдонушу мүмкүн.
Же Сервис Колдонуучунун кызыкчылыктарын билүү жана кызматтарды жакшыртуу максатында Колдонуучунун навигациясынын узактыгын аныктоо менен Колдонуучуга башка кызыктуу контентти сунуштай алат.
Же Сервис тажрыйбаны жакшыртуу максатында жайгашкан жерди аныктоо менен Колдонуучунун аймагындагы жарыялар лентасын көрсөтө алат. Же Сервис Колдонуучу жөнүндө маалыматтын негизинде Сервиске кирүү үчүн Колдонуучу тарабынан колдонулган ар кандай түзүлүштөрдү (мисалы, жумушчу компьютер, уюлдук телефон, планшет) тааный алат. Бул Администрацияга Колдонуучунун бардык түзмөктөрдө Сервистеги ишмердүүлүгүн билүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле Колдонуучу кайсы түзмөктү колдонгонуна карабастан, кызматтар бирдей ыңгайлуу болушу үчүн кызматтарды жакшыртууга жардам берет.
Сервис сүрөттөрдү, сүрөттөмөлөрдү жана башка маалыматтарды машиналык үйрөнүү моделдери үчүн, мисалы, Колдонуучунун кызыкчылыктарына дал келген издөө натыйжаларын жекелештирүү жана издөө функциясын жакшыртуу үчүн колдоно алат. Бул сервисти жакшыртууга жана мыкты колдонуучу тажрыйбасын камсыз кылууга жардам берет.
Сервис Колдонуучунун чатына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ жана өндүрүмдү жакшыртуу жана мыкты колдонуучу тажрыйбасын камсыз кылуу максатында чат функциясын колдонуу менен башка колдонуучулар менен кат алышууну талдайт. Бирок, бул учурда кирүү мүмкүнчүлүгү чаттардын мазмунун талдай билген бир нече машиналык үйрөтүү адистерине гана берилет. Талдоо процессинде чатта бардык идентификациялык маалыматтар жок кылынат. Бирок, биздин көзөмөлдөн тышкаркы учурлар болушу мүмкүн, чаттын мазмуну Колдонуучу өзү берүүнү чечкен айрым жеке маалыматтарды камтышы мүмкүн болгондо.
1.8.2. Колдонуучунун каттоо эсептерин башкаруу жана аларга колдоо көрсөтүү. Сервис колдонуучунун маалыматын техникалык көйгөйлөрдү чечүү, колдонуучулардын жардам талаптарына жооп берүү, техникалык бузулуулар жөнүндө маалыматты талдоо, ошондой эле Сервистеги көйгөйлөрдү четтетүү жана Сервистин кызматтарын жакшыртуу үчүн колдонот.
Бул Администрация тарабынан келишимдин аткарылышы жана коопсуз жана эффективдүү Сервиске жетүүнү камсыз кылуу, ошондой эле Администрациянын мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, айрыкча, Сервистин кызматтарын жакшыртуу үчүн зарыл.
1.8.3. Сервис кызматтарынын спектрин кеңейтүү; Сервистин же үчүнчү жактардын маалыматтык (жаңы мүмкүнчүлүктөр, акциялар жана башка жаңылыктар жөнүндө билдирүүлөр) же жарнамалык билдирүүлөрүн алуу, бул ошондой эле Сервиске карата Колдонуучулардын кызыкчылыктарына ылайыкташтырылган контентти жана жарнаманы иштеп чыгууну, көрсөтүүнү, жөнөтүүнү жана көзөмөлдөөнү камтыйт. Сервис байланыш маалыматын жана колдонуучуларды өзгөчө кызыктырышы мүмкүн болгон билдирмелерди жөнөтүү үчүн колдонуучулар Сервисти кандай колдонуп жаткандыгы жөнүндө маалыматты колдонот. Бул билдирмелер өз ара аракетти стимулдаштырууга жана Колдонуучулар Сервистен ала турган артыкчылыктарды, анын ичинде жаңы функциялар, маалымат бюллетендери жана Колдонуучулар үчүн кызыктуу болушу мүмкүн болгон окуялар жөнүндөгү маалыматты максималдаштырууга багытталган. Сервис ошондой эле Колдонуучуларга жаңы продукт сунуштары, жарнамалык акциялар жана конкурстар жөнүндө маалымат берет. Сервис Колдонуучулар менен электрондук почта, почта, телефон жана/же мобилдик түзүлүштөр аркылуу байланыша алат. Колдонуучу бул билдирмелерди көзөмөлдөй алат жана каалаган убакта макулдугун кайтарып алууга укуктуу.
1.8.4. Колдонуучулардын же үчүнчү жактардын мыйзамсыз же уруксатсыз аракеттеринин алдын алуу же бөгөт коюу, ошондой эле мыйзам талаптарын аткаруу, укуктук, ченемдик жана укук коргоо органдарынын суроо-талаптарын аткаруу жана Сервистин мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо. Сервис мыйзамдын сакталышын камсыздоо боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле жеке адамдар менен кызматташат. Сервистин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жана/же үчүнчү жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо же мыйзамсыз ишмердүүлүктүн алдын алуу же бөгөт коюу керек болсо, Сервис мыйзамдын талаптарына ылайык Колдонуучулар жөнүндөгү ар кандай маалыматты ачышы керек.
Сервис ошондой эле маалыматты алдамчылык, спам жөнөтүү жана Пайдалануучулук макулдашууну бузган башка уруксатсыз аракеттер сыяктуу кызматтарга ар кандай кыянаттыктын түрлөрүн чектөө же алдын алуу үчүн колдонот.
Эгерде мыйзам талап кылса, Сервис маалыматты юридикалык жана аудитордук ишмердүүлүккө байланыштуу, мисалы, өзүнүн бизнесин сатып алуу, бириктирүү же сатуу максатында колдонот.
Сервис мыйзам тарабынан уруксат берилген чектерде Колдонуучуларга үчүнчү жактарга жеке маалымат берүү жөнүндө кабарлоо үчүн акылга сыярлык чараларды көрөт.
1.8.5. Веб-сайттардын аналитикасы - Сервистин, анын тейлөөлөрүнүн жана кызматтарынын иштешин жакшыртуу үчүн статистикалык жана аналитикалык маалыматтарга ээ болуу. Сервис Колдонуучулардын Сервис менен өз ара кандай аракеттенгени тууралуу маалыматты чогултуу үчүн Google Analytics сыяктуу бөтөн кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан берилген бир нече веб аналитика куралдарын (же көзөмөлдөө куралдарын) колдонот. Сервис Колдонуучунун Сервистен пайдаланаганын же Колдонуучунун продуктыларга, кызматтарга жана контентке кызыкчылыктарын изилдөө жана талдоо жүргүзөт. Сервис бул куралдар менен берилген маалыматты кызматтарды жакшыртуу жана каталарды аныктоо жана талдоо үчүн колдонот. Мындай кызмат көрсөтүүчүлөрдүн куралдары колдонуучулардын браузерлерине cookie файлдарын жайгаштырышат. Cookie файлдарын бөтөн кызмат көрсөтүүчүлөрдөн башка эч ким колдоно албайт. Cookie файлдар аркылуу чогултулган маалымат колдонуучунун өлкөсүнөн башка өлкөнүн серверлерине өткөрүлүп берилиши жана сакталышы мүмкүн. Чогултуган маалымат бул кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан жеке купуялык саясаттарына ылайык колдонулат жана өткөрүлүп берилет. Колдонуучулар веб-кызматты колдонууга байланыштуу cookie файлдар менен түзүлгөн маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө өз эрки менен макулдук бере алышат.
1.8.6. конкурстарды же сурамжылоолорду өткөрүү. Сервис бул ыкмалар аркылуу чогултулган маалыматты кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн колдонот. Администрация колдонуучуларга Сервистен жалпы канааттангандыгын аныктоо үчүн сурамжылоону сунуштай алат. Мындан тышкары, Колдонуучу Администрацияга аны менен байланышуу жана аны UX тестирлөөгө чакыруу же Сервистин эксперттери менен баарлашуу үчүн өзүнүн электрондук почта дареги жана уюлдук телефон номери сыяктуу байланыш маалыматтарын ыктыярдуу түрдө бере алат. Сурамжылоо учурунда Колдонуучу Администрацияга берген маалымат Колдонуучу өз ыктыяры менен берген жеке маалыматтарды камтышы мүмкүн.
1.8.7. салык мыйзамдарына ылайык милдеттенмелерди аткаруу. Эгерде бул мыйзам тарабынан аныкталган болсо жана/же Колдонуучулар Администрация кызматтарына төлөгөндө, Администрация салык мыйзамдарына же жарандык мыйзамдарга ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн Колдонуучулардын маалыматтарын чогулта алат.
1.9. Сервис Пайдалануучулар жөнүндө төмөнкү маалыматты топтойт:
1.9.1. Сервисти пайдаланууда Администрацияга киргизе, көрсөтө же башка ыкма менен ача турган (персоналдык) жеке маалыматты. Мындай маалымат болуп, алып айтканда, (бирок чектелбестен), Пайдалануучунун аты жана фамилиясы (аталышы), электрондук почтанын дареги, телефон номуру, Пайдалануучунун жайгашуусу, ошондой эле дареги эсептелет. Эгерде Пайдалануучу социалдык тармактын профили аркылуу кирсе, анда Сервис мындай социалдык тармактын профилинде жайгаштырылган маалыматты чогултат. Сервис Пайдалануучунун маалыматтарын Интернетте таркатуу жана публикациялоо үчүн канал бергендиктен, Пайдалануучу өзү берген маалымат боюнча жоопкерчиликтүү болот.
1.9.2. Ага кирүү учурунда Сервистин программалык камсыздоосу тарабынан автоматтык түрдө чогултулуучу техникалык маалымат.
1.9.3. Колдонуучу башка веб-сервистин профилин колдонуп киргенде (мисалы, Facebook, Google+, vkontakte, odnoklassniki.ru, ж.б.), Сервис колдонуучунун аты, электрондук почтанын дареги жана профилге байланышкан маалыматты кошо берүүгө Колдонуучу макул болгон ошондой веб-сервистин тиешелүү профилинде жайгашкан маалыматты чогулта алат. Колдонуучу аталган маалыматтарды Сервиске берүүгө макулдугун берет. Бул уруксатты каалаган убакта Сервиске тийиштүү сурам жөнөтүү аркылуу кайтарып алса болот.
1.9.4. Сервис Колдонуучунун түзүлүшүнүн физикалык жайгашкан жери жөнүндө маалыматты чогулта алат. Айрым колдонуучунун жайгашкан жери Колдонуучунун түзүлүшүнөн алынган IP дареги же географиялык жайгашкан жери жөнүндө маалыматтын жардамы менен аныкталышы мүмкүн. Сервис колдонуучунун жайгашкан жери жөнүндө маалыматты функцияларды камсыздоо үчүн, ошондой эле кызматтарды жакшыртуу жана тууралоо үчүн, мисалы, өндүрүмдүүлүктүн ички талдоосу жана мониторинги үчүн же мазмунду көрсөтүү же Колдонуучунун жайгашкан жерине тийиштүү сунуштарды берүү үчүн колдоно жана сактай алат.
1.9.5. Колдонуучу Сервистин же башка үчүнчү жактардын Сервистин сурамы боюнча өткөргөн конкурстарга жана сурамжылоолорго катышуусуна байланыштуу берген маалыматтар.
1.9.6. Сервис Колдонуучулар жана алардын иш-аракеттери тууралуу маалыматты маркетологдордон, өнөктөштөрдөн, изилдөөчүлөрдөн жана башка булактардан алат (жалпыга жетимдүү маалымат базалары кошулганда). Сервис Колдонуучудан алынган маалыматты башка Колдонуучулардан жана үчүнчү жактардан алынган маалымат менен бириктире алат.
1.10. Сервис, ошондой эле Администрация расалык же этностук тек, улуттук таандыктуулук, саясий, диний жана дүйнөтааным ынанымдар, саясий партияларда жана профессионалдык союздарда мүчөлүк, кылмыш жазасына соттолуу тууралуу маалыматтарды, ошондой эле саламаттыкка, сексуалдык адаттарга, жыныстык жашоого тиешелүү маалыматтарды, биометрикалык же генетикалык маалыматтарды чогултпайт жана иштетпейт.
1.11. Сервис жана Администрация Сервиске эч кандай тиешеси жок үчүнчү жактарга Пайдалануучу тарабынан берилген жеке жана башка маалыматтарды, Пайдалануучу мындай уруксаатты берген учурларды санабаганда, ошондой эле ушул Макулдашуу же мыйзамдар менен каралган учурлардан башка учурларда өткөрүп бербейт.
1.12. Администрация белгилүү ээси көрсөтүлбөгөн маалыматты (Пайдалануучуларды өзүнчө далдаштыруусун мүмкүн кылбаган маалыматтар) четтик кызмат жеткирип берүүчүлөргө, ишенимдүү өнөктөштөргө же авторлоштурулган изилдөөчүлөргө Пайдалануучуну кандай жарнама же кызмат кызыктыраарын жакшыраак түшүнүү максатында, ошондой эле ушул Макулдашууну аткаруу (Пайдалануучуларга кызмат көрсөтүү), Сервистин кызматтарынын сапатын жана натыйжалуулугун жакшыртуу максатында же Администрациянын пикири боюнча чоң социалдык пайда алып келе алган илимий изилдөөлөргө Сервистин салымын камсыз кылуу максатында өткөрүп бериши мүмкүн. Муну менен бирге өткөрүлүп берилип жаткан маалыматтар ушул Купуялуулук саясатынын предмети болуп саналат, ал эми тартылган үчүнчү жактар алынган маалыматты Администрацияга кызматтарды көрсөтүүдөн башкача пайдаланууга укугу жок.
Сервис Колдонуучу жөнүндө маалыматты Сервис үчүн кызматтарды, тактап айтканда: веб-сайттарды хостинги, маалыматтарды талдоо, маалымат технологияларын жана тиешелүү инфратүзүмдөрдү камсыздоо, электрондук почтаны жана билдирүүлөрдү (кабарландырууларды) жеткирүү, аудит, колдоо кызматын, колдоо маалыматтарын жана CRM системаларын башкаруу үчүн ыңгайлаштырылган жарнактарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдү камсыздоодо Сервиске жардам берген кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөткөн башка кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөргө өткөрүп бере алат жана ачык чыгара алат. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр Сервиске кызматтарды көрсөтүүгө жардам беришет (мисалы, алар Сервиске жекелештирилген жарнактарды камсыздоого жардам бериши мүмкүн же Сервиске мүмкүнчүлүктүү мыйзамсыз иш-аракеттерди алдын алууга, табууга, кесепеттерин жумшартууга жана иликтөөгө жардам бере алышат). Бул кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр тийиштүү функцияларды аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды гана ала алышат. Алар ошондой эле, Колдонуучунун маалыматын ачыкка чыгарбоого жана башка максаттарда колдонбоого милдеттүү. Кээ бир учурларда, бул кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдөн Сервис үчүн кызматтарды катуу талап менен көрсөтүү талап кылынбайт, бирок алар Сервиске жакшыртууга жардам беришет.
Мисалы, Сервис Google Analytics Сервисти колдонууга мониторинг жүргүзүү жана талдоо үчүн колдонот. Google Analytics - бул Google тарабынан сунушталган веб-талдоо кызматы, ал веб-сайттардын киришин көзөмөлдөйт жана кабарлайт. Google чогултулган маалыматтарды Сервистин колдонулушун көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн колдонот. Бул маалыматтар башка Google сервистерине өткөрүлүп берилет. Google чогултулган маалыматтарды контекстке келтирүү жана өзүнүн менчик жарнама желесинин жарнамаларын жекелештирүү үчүн колдонушу мүмкүн. Колдонуучу браузердин тууралоолорун Google Analyticsтен баш тартуу үчүн Google Analytics жеткиликтүү болгон Сервиске өзүнүн ишмердигин көрсөтүүдөн баш тарта алат. Кошумча куруу Google Analytics JavaScriptти (ga.js, analytics.js жана dc.js) Google Analyticsке кирүү жигердүүлүгү тууралуу маалыматты берүүдөн алдын алат.
Сервис Google AdSense жана DoubleClick for Publishers жарнактарын көрсөтүү үчүн онлайн-жарнактар сервисин да колдонот. Колдонуучу Googleдун купуялуулук саясаты жөнүндө кошумча маалыматты бул жерден таба алат: https://policies.google.com/privacy?hl=en
Тапшырык ээси өзүнүн жеке маалыматтарын берүүнү, чогултулуп жаткан маалыматтар тизмеси, аларды чогултуу жана пайдалануу негиздери жана максаттары менен, жеке маалыматтарды үчүнчү жакка өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү менен таанышууну ырастайт, ошондой эле ал жеке маалыматтарды башкача колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдалган жана анын жеке маалыматтарын чогултууга, иштетүүгө жана сактоого, жеке маалыматтардын колдонулушуна өзүнүн макулдугун берет.
1.13. Сервисти пайдалануу процессинде Пайдалануучулар берген маалыматтарды жана жеке маалымдарды Сервис жана Администрация сатпайт жана ижарага бербейт.
1.14. Пайдалануучулардын ортосундагы өз ара аракеттерди жеӊилдетүү үчүн кызматтар башка Пайдалануучулардын байланыш маалыматтарына чектелүү жеткиликтүүлүктү билдирет. Башка Пайдалануучулар берген маалыматтарды пайдалануу укугу Пайдалануучулук макулдашуу менен чектелет.
1.15. Сервисти Пайдалануучу башка Пайдалануучу берген маалымдарды мындай пайдалануучунун кат жүзүндөгү руксатысыз же башка кандайдыр -бир ыкма менен тастыкталган мындай маалымдарды пайдаланууну тастыктоосуз пайдаланбоого милдеттенет. Сервисти пайдаланууга байланыштуу башка Пайдалануучулар жөнүндө Пайдалануучу алган бардык маалымдар Товарларга карата бүтүмдөрдү жасоо жана аткаруу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Ошентип, Пайдалануучуга башка Пайдалануучулардын электрондук дарегин, ошол сыяктуу телефон номурун тикелей жарнамалык таркатуу же ылайыксыз электрондук билдирүүлөрдү башка таркатуу максаты үчүн, ошондой эле укукка каршы же башка Пайдалануучунун билүүсүз жана макулдугусуз жасалуучу аракеттерге колдонууга руксат берилбейт.
1.16. Сервисти Пайдалануучу каалаган учурда Сервисти пайдалануу процессинде өткөрүп берген жеке же башка маалыматтарды өзгөртүүгө, жок кылууга же башка ыкма менен редакциялоого мүмкүндүгү бар.
1.17. Пайдалануучу өзү көрсөткөн бардык маалыматтардын жана маалымдардын тактыгы жана тууралыгы боюнча жоопкерчиликтүү болот.
1.18. Эгерде Пайдалануучу кирүүнү жана катталууну аткарып, OpenID кызматынын жардамы менен Сервисти пайдаланса, Пайдалануучу өзүнүн маалымдарын берүүнү жана пайдалануунун тартибин ушундай сервистин настройкаларына карата тууралай алат.
1.19. Сервис жана Администрация Пайдалануучунун жеке маалымдарын үчүнчү жактардын санкцияланбаган кирүүсүнөн коргоо үчүн бардык акыл-эстүү чараларды кабыл алат.
1.20. Сервис чогултуучу жана итетүүчү бардык жеке маалымдар корпоративдик тармактан тышкары кирүүгө мүмкүн болбогон бир же бир нече корголгон серверлерде сакталат. Пайдалануучулардын жеке жана башка маалыматтарына жеткиликтүүлүк менен пайдалануу функцияларын аткаруучу Администрациянын бардык кызматкерлери Пайдалануучулар жөнүндө үчүнчү жактарга маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча Макулдашууга кол коюшкан.
2. Cookies, веб-маяктар, жана ушундай технологиялар
2.1. Маалыматты сактоо үчүн Сервис Cookies, веб-маяктарды жана ушундай башка технологияларды пайдалануусу мүмкүн. Мындай файлдар Сервисти жана анын тиркемелерин Сервистин кызматтарынын сапатын жакшыруу максатында (анын ичинде коопсуздугун), ошондой эле жарнамалык максатта пайдаланылат.
2.2. Сервис Пайдалануучудан алган кайсы болбосун маалымат, ошондой эле Пайдалануучунун браузеринде Cookies файлдарын жайгаштыруу Пайдалануучуну кабаландыруу аркылуу анын макулдугу менен жасалат. Сервисти пайдаланууну улантуу менен Пайдалануучу Сервиске Пайдалануучунун браузеринде Cookies файлдарын сактоого өзүнүн руксатын берет
2.3. Пайдалануучунун браузеринин жана Cookies тин активдүүлүк процессинде Пайдалануучунун түзүлүшүндөкала турган Cookies жана ушундай технологияларды, жана Пайдалануучунун түзүлүшүндө узак мезгилге чейин кала турган башка ушундай технологияларды Сервис пайдаланат. Эгерде Пайдалануучунун түзүлүшү буга жол бере турган болсо, Пайдалануучу мындай Cookies терди тосмолоого, алып салууга же ажыратып салууга укуктуу.
2.3.1. Cookies – Сервистен алынган тексттик же бинардык маалымдар түрүндөгү маалыматты баяндоого пайдаланылуучу, Пайдалануучуда сакталган, башкача айтканда, браузерде, эгерде Сервистин Пайдалануучусу кайталап ага келе турган болсо, андан кийин Сервиске жөнөтүлүүчү компьютердик технологиядагы түшүнүк. Ошентип, келүү учурунда Сервис Пайдалануучунун браузерин белгилейт. Cookies файлдары системага кирүүгө жана статистиканы чогултуу үчүн зарыл болгон маалымдарды жазып алуу менен Сервис менен пайдаланууну жеӊилдетет. Cookies файлдары жеке маалымдарды камтыбайт.
2.3.2. Веб-маяктар – Сервисте, ошондой эле анын сервистеринде, тиркемелеринде, билдирүүлөр менен алмашууда жана демейде Пайдалануучуну аныктоо үчүн Cookies менен айкалышта иштей турган инструменттерде кошула турган анча чоӊ эмес графикалык сүрөттөр (ошондой эле “чекиттик маркерлер” же “Тармактык маяктар” катары белгилүү болгон).
2.3.3. Ушундай технологиялар – локалдуу жалпы объектилерди же «flash cookies», «HTML 5 cookies» сыяктуу локалдуу кампаларды пайдалануучу браузерде же түзүлүштө маалыматтарды сактоочу технологиялар жана программалык веб-тиркемелердин башка методдору . Бул технологиялар Пайдалануучунун бардык браузерлеринде иштей алышат, ал эми айрым учурларда толугу менен башкарылуучу браузер боло алышпайт жана Пайдалануучу орноткон тиркемелер жана түзүлүштөр аркылуу түздөн-түз башкарууну талап кылышы мүмкүн.
2.4. Cookies жана башка ушул сыяктуу технологияларга санкцияланбаган жетүү мүмкүнчүлүгүн алдын алуу үчүн Администрация коопсуздук чараларын көрөт. Пайдалануучу ушуга окшош коопсуздук чараларын көрүүнү милдеттенет. Администрация Администрация гана жана\же Сервистин кызматтарын ыйгарым укуктуу жөнөтүүчүлөр гана Cookies тин маалымдарына жеткиликтүүлүккө эээкендигине кепилдик берет.
2.5. Сервистин кызматтарын жөнөтүүчүлөр Сервистин ар кандай аспектилери менен жардам көрсөтүүчү компаниялар болуп эсептелет. Администрация айрым ыйгарым укуктуу кызматтардыжөнөтүүчүлөрдү Сервистин тиешелүү кызматтарын Пайдалауучуга берүү үчүн жана ошондой эле түздөн-түз Сервистин ишмердигине байланышкан башка максаттар үчүн пайдаланат. Кызматтарды ушундай жөнөнтүүчүлөр Сервистин кызматтары аркылуу Пайдалануучунун түзүлүшүнө Cookies ти жайгаштыра алат (чоочун Cookies). Ошондой эле алар башка маалыматтарды, мисалы, IP-даректи же башка идентификаторлорду чогулта алышат.
2.6. Жогоруда айтылган технологияларды пайдалануу менен Сервис чогулткан жана сактаган бардык маалымат Пайдалануучунун макулдугу менен пайдаланылат.
2.7. Пайдалануучу Cookies ти браузердин же түзүлүштүн настройкаларында башкара алат. Маалыматты топтоодон жана сактоодон баш тартуу үчүн браузердин настройкаларындагы “Cookies ти сактабоо” пунктунда желекчени орнтуп, ошондой эле “Cookies ти тазалоо” кнопкасын басып койуу керек.
2.8. Системада камтылуучу техникалык мүнөздөгү маалымат, мисалы, IP-дарек Сервис тарабынан тармактык тейлөө, ошондой эле статистикалык жана башка маалыматты жалпылоо үчүн пайдаланылат.
2.9. Сервис Пайдалануучунун жеке керектөөлөрүнө жана кызыкчылктарына ыӊгайлашуучу берилип жаткан сервистердин жогорку сапатын камсыз кылуу максатында Пайдалануучунун акыркы кирүүсүнүн маалымдарын сактайт.
3. Конфиденциалдуулук саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү
3.1. Администрация Конфиденциалдуулук саясатынын эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизет, жок кылат жана жаӊырта алат.
3.2. Эгерде Пайдалануучу киргизилген өзгөртүүлөр менен макул эмес болсо, анда ал Сервисти пайдаланууну токтотууга милдеттүү. Эгерде Пайдалануучу Сервисти пайдаланууну уланта берсе, анда ал макул болуп, Конфиденциалдуулук саясатынын бардык өзгөртүүлөрүн жана жаӊы редакциясын толугу менен кабыл алат.