Кемин районуна караштуу, Орловка шаарчасына таандык, Орловканын үстүнөн, тоо тарапта 5 км алыстыкта жайгашкан сарай кошара тез, ылдам, шашылыш сатылат. Бул жерде сатууга 3 обьект бар. Биринчиси коктууга кирип баратканда 20 сотык жери менен эски кошаранын орду сатылат. Документтери таза, кызыл китеп. Электр жарыгы бар. Суунун боюнда. Бул эски кошаранын ордуна дароо заманбап жаңы сарай салып койгону толук мүмкүнчүлүк бар, үй жайы менен.
Экинчи обьект үстүнкү кошара сарай. Ал союз мезгилинен бери иштеп, кызматын кылып келе жатат. Сарай эки ача коктунун оозунда жайгашкан. Эки тоонун коктусунан таза булактардын суусу агып турат. Сарайдын размери узуну 63 метр, туурасы 9.2 метр. Кызыл китеп боюнча 50 сотык жери менен. Фактически 1 гектардан ашык. Сарайдын акыбалы жакшы. Жанында банясы жана бир бөлмөсү бар кошумча. Келип, дароо мал кармап багып баштаганы жетиштүү шарт бар. Электр энергиясы туташкан, 3 фаз.
Үчүнчү обьект узундугу 27.5 метр, туурасы 8 метр өзүнчө сарай бар. Ал оң жактагы коктунун оозунда жайгашкан. Буга чейин ал сарайды мал камап пайдаланып келишкен. Ал жерге 100 метр аралыктан электр энергиясын тартып, чакан времянка салып, сарайдын өзүн бир аз оңдоп түздөп, андан кийин мыкты деңгээлде пайдаланса эң сонун мүмкүнчүлүк. Тоонун булактын суусу жанынан агып өтөт. Кааласа кормовой мал багып семиртип пайдаланса болот. Кааласа аткана кылса болот. Кааласа кой эчкиге ылайыктааса болот. Иши кылып келечектеги кожоюндун өзүнүн эрки дегендей.
Жалпылап маалымат катары сүрөттөп өтсөм: мал жандыктын бардык түрүн жасаса, уюштурса болот. Жер абдан жакшы жерде жайгашкан. Жергиликтүү эл абдан жакшы. Жаратылыш жагынан дагы абдан жакшы. Абасы таза, жайы кышы тынчтык өкүм сүрүп турат. Бардык шарттарды түзүп алып, өзүң үчүн жашаганы абдан мыкты ылайыктуу жер. Мээң эс алып, жүрөгүң эс ала турган жер. Эгерде кааласаң, бизнес чөйрөсүнө айлантса болот. Акырындык менен утурумдук эс алуучу кичинекей жеңил үйлөрдү куруп, арендага берсе болот. Кааласа баня курса болот. Кааласа бак дарактын түрүн кылса болот. Кааласа тоок кылса болот, кааласа индюк кылса болот миңдеген. Курт кумурска, чегиртке кээңири. Андай экологиялык жерде чоңойгон тоок, индюктарды талап талашып алып кетишет. Мындай натуральный экологиялык жактан таза тамактанып жеп чоңойгон тоок индюктарга суроо талап абдан чоң. Андан сырткары көлчөк жасап коюп өрдөк, кааздардын түрүн кылса болот. Мындайга дагы ылайыктуу мыкты шарт бар. Андан сырткары балык уюштурса болот. Өзүң үчүн деле кичинекей балык уюштуруп алсаң эң сонун. Андан кийин мал жандыктын каалагандай түрүн кылсаң болот. Жайыт кээңири. Койду жайсаң болот. Эчкини жайсаң болот. Үйүр жылкы кылсаң болот. Сүт багытында уйларды кылсаң болот. Эт багытында уйларды, жылкыларды, букаларды баксаң болот. Айтор идея көп, шарт ылайыктуу. Болгону кол керек, каражат керек, кыймыл керек. Андан сырткары кекилик жана көгүчкөн кээңири, атып жегени.
Баасы арзандатуу, соодалашу жолдору каралган.