🟢 РЕМОНТТУ КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨМӨК — БИШКЕК Үйүңүзгө же
🟢 РЕМОНТТУ КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨМӨК — БИШКЕК
Үйүңүзгө же квартираңызга ремонт кылгыңыз келип, бирок курулуш иштерин жакшы түшүнбөйсүзбү?
Бааны ашыкча көтөрүп кетишинен, сапатсыз иштен же туура эмес материал тандоодон кооптонуп жатасызбы?
🟢 Мен ремонт иштерин заказчынын атынан техникалык жактан көзөмөлдөөгө жардам берем.
Курулуш боюнча билимим жана курулуш тармагында иш тажрыйбам бар.
🟢 Кызматтарым:
• Объектти көрүп, ремонт боюнча кеңеш берүү
• Сметаны жана иштин көлөмүн текшерүү
• Курулуш материалдарынын жана жумуштун бааларын салыштыруу
• Уста жана курулуш бригадасын тандоого жардам берүү
• Жумуштун сапатын көзөмөлдөө
• Материалдардын туура колдонулушун көзөмөлдөө
• Аткарылган иштерди текшерүү
• Усталарга төлөм жүргүзүүдөн мурун аткарылган ишти баалоо
• Курулуш технологиясынын туура сакталышын көзөмөлдөө
• Ремонттун жүрүшүн фото жана видео аркылуу көрсөтүп туруу
• Кемчиликтерди убагында аныктоо
• Ремонттун мөөнөтүн көзөмөлдөө
• Ремонтту башынан аягына чейин уюштурууга жардам берүү
🟢 Бул кызмат өзгөчө төмөнкү адамдар үчүн ыңгайлуу:
— жумушунан улам ремонтко күн сайын бара албагандарга;
— башка шаарда же чет өлкөдө жашагандарга;
— биринчи жолу ремонт жасап жаткандарга;
— курулуш иштерин жакшы түшүнбөгөндөргө;
— акчасын туура жана үнөмдүү пайдалангысы келгендерге.
🟢 Менин максатым — ремонтту сиз үчүн ачык жана түшүнүктүү кылуу:
Эмне жасалды → канча көлөмдө жасалды → канча турат → кандай материал колдонулду → иштин сапаты кандай → акча эмнеге төлөндү.
📍 Бишкек шаары
📩 Кызмат тууралуу кенен маалымат алуу үчүн Lalafo аркылуу билдирүү жазыңыз.
Бир жолку сметаны же объектти текшерүү да, ремонтту толугу менен коштоп жүрүү да мүмкүн.