Показы: 696774
  • 18190
  • 94
3 500KGS
Позвонить

Врачи | Психолог

Психолог

Сыдыкова Саадат Макишовна — казахстан психоаналиткалык психотерапия коомунун мүчөсү, efpp мүчөлүгүнө талапкер.

Психоналитикалык багытта иштеген психолог, ишинде гештальт-терапия техникаларын жана когнитивдик- өзүн алып жүрүү ыкмаларын колдонот. Орусиянын жана европанын алдыңкы психологиялык мектептеринде билим алып турат.

Адатта, баары жакшы болгондой сезилгендиги менен жан дүйнөсүндө уйгу туйгу болгон, өзүн жаман сезген адамдар кайрылышат.

Айрым учурда, эмне кааларын так-даана билишет.  Адатта, терапияга “бир нерсе жетпей жаткандай”, “бир нерсе туура болбой жаткандай” сезилип,  өзү менен өзү жана башкалар менен пикир алышууда маселе жаралган адамдар көп кайрылышат.

Эгерде, сиз өзгөрүүнү кааласаңыз, катылып жаткан ой менен маселелердин тамыр башатын таап, ага болгон ресурстарыңызды сарптоо ниетиңиз болсо, жардамга келип, маселелердин себебин таап, жаңы билим, тажрыйба жана көнүмдөрдү табуу жолунда коштоп жүрүүгө даяр.

Ишинин максаты, психология жаатындагы белгилерден гана арылтуу эмес, алардын пайда болуу механизмдерин аныктоону үйрөтүп, келечекте өз алдынча чечип алууга багыттоо.

Иштин жыйынтыгында, сиз өзүңүздү жеңилирээк жана эркин сезе баштайсыз. өзүңүздүн чектөөлөрүңүздү эске алып, өзгөчөлүктөрүңүздү колдонуп, кыялдарды орундатууга чечкиндүү болуңуз. Дискомфорт түшүнүктүү болуп калат дагы, аны басаңдатуу же көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Эгерде эмне кааларыңызды билсеңиз, ал үчүн убакыт, каражат жана аракет сарптоого даяр болсоңуз, жашоодо көп нерсени өзгөртсө болот.

өз алдынча жардам үчүн кайрылган, бойго жеткендер менен уй булолук жубайлар менен иштешем.

Психология мен үчүн, илим, өнөр жана искусство. Анда мен окуучу жана илимпозмун.

Маселелер менен эмес, элдер менен иштейм. Иш таржымалымда ыкчамдыкка эмес, сапатка, диагнозго эмес адамга багыт алгам.

Психотерапефтин этикалык принциптерин милдеттүү карманып, кардарымдын пайдасына иштөө бул менин негизги эрежем.

Сессияны жеке өзүм же онлайн- форматта да өткөрөм. Дареги: исанова к. 105/1.
Ар бир жолугушуу 100% конфиденциалдык түрдө өтөт.