Биздин Салттуу майрамдык бонбоньеркаларыбыз же чачылалар– бул жөн гана
Биздин Салттуу майрамдык бонбоньеркаларыбыз же чачылалар– бул жөн гана кичинекей белек эмес, бул сиздин меймандостугуңузду, ыйык каада-салтты сактап жана майрамдык кубанычыңызды тең бөлүшүүгө чакырган өзгөчө белек. Ар бир бонбоньерка кол менен, сүйүү жана жылуу сезим менен жасалып, Нооруз, Курман айт, Орозо айт, үйлөнүү той, бешик той, туулган күн, кыркынан чыгаруу, жентек той, сүннөт той, кыз узатуу жана башка маанилүү күндөрдүн шаңдуу маанайын толуктап турат.
Кыргыз элинин салтында конокко белек берүү – урматтоонун жана ыраазычылыктын белгиси. Ушул бонбоньерканын (чачыланын) ичине таттуулардын түрүн, кургак жемиш, же чакан сувенир сыяктуу жагымдуу сыйлыктарды салып, конокторуңузга эстен кеткис эскерүү болчу белектерди салсаныз болот.
Майрамдык үстөлүңүздү кооздоп, көңүлдөргө жылуулук тартуулаган бул чачылаларыбыз– сиздин майрамыңызды өзгөчө кылуучу майда, бирок маанилүү белек. Ал майрамдын шаңын узакка сактап, ар бир коноктун жүрөгүндө жакшы из калтырат.